Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Илияс пайгамбар менен Ахазай падыша

    1:1 Ахап өлгөндөн кийин, Маап Ысрайылдан бөлүнүп кетти.

    1:2 Ахазай Самариядагы өз үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн терезесинин тосмосунан жыгылып, ооруп жатып калды. Ошондо ал элчилерин мындай деп жөнөттү: «Баргыла, экрон кудайы Белзебулдан сурагыла: Мен ушул оорудан айыгамбы?»

    1:3 Ошондо Теңирдин периштеси тишпилик Илияска мындай деди: «Тур, Самария падышасы жиберген элчилердин алдынан чыгып, аларга мындай деп айт: “үкрон кудайы Белзебулдан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу?

    1:4 Ошон үчүн Теңир: “Жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”, – дейт». Илияс жөнөп кетти.

    1:5 Анан элчилер Ахазайга кайтып келишти. Ахазай алардан: «Силер эмне кайтып келдиңер?» – деп сурады.

    1:6 Алар ага: «Алдыбыздан бир киши чыгып, бизге мындай деди: “Силерди жиберген падышаңарга кайра кайрылып барып, ага айткыла: Теңир мындай дейт: "үкрондун кудайы Белзебулдан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу? Ошон үчүн сен жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң"”», – деп жооп беришти.

    1:7 Ошондо ал алардан: «Силердин алдыңардан чыгып, ушул сөздү айткан адамдын сырткы көрүнүшү кандай экен?» – деп сурады.

    1:8 Алар ага: «Ал түктүү кийим кийген, белин кайыш кур менен курчаган киши экен», – деп жооп беришти. Ошондо ал: «Ал – тишпилик Илияс», – деди.

    1:9 Анан ал ага элүү кишиси менен элүү башыны жиберди. Ал тоонун башында отурган Илияска барып: «Кудайдын кишиси, падыша сени түшсүн, – дейт», – деди.

    1:10 Илияс элүү башыга: «үгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан от түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.

    1:11 Падыша ага башка элүү кишини элүү башы менен жөнөттү. Ал ага: «Кудайдын кишиси, падыша сени тезирүүк түшсүн дейт», – деди.

    1:12 Илияс ага: «үгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.

    1:13 Yчүнчү жолу да элүү башыны элүү кишиси менен жиберди. Єчүнчү элүү башы тоого чыгып, Илиястын алдына келип, тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элүү кулуңдун жанын бааласаң экен.

    1:14 Асмандан от түшүп, мурдагы эки элүү башыны элүүдөн кишиси менен өрттөп кетти. Бирок менин жанымды бааласаң экен!» – деп жалынды.

    1:15 Ошондо Теңирдин периштеси Илияска: «Аны менен бирге бар, андан коркпо», – деди. Ал туруп, аны менен падышага барды.

    1:16 Илияс ага: «Теңир мындай дейт: “Ысрайылда Кудай жок болгонсуп, Кудайдан сурабастан, элчилерди жиберип, экрон кудайы Белзебулдан сураганың үчүн, жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”», – деди.

    1:17 Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча Ахазай өлдү. Анын баласы жок болгондуктан, Жүйүт падышасы Жошапат уулу Жорамдын падышачылыгынын экинчи жылында бир тууганы Жорам такка отурду.

    1:18 Ахазайдын башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск