Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Степандын сөзү

    7:1 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Степандан: «Ушул чынбы?» – деп сурады.

    7:2 Степан мындай деп жооп берди: «Агайын-туугандар жана аталар! Сөзүмө кулак салгылачы. Атабыз Ыбрайым Месопотамияда жашап турганында, Харанга көчүп кете элегинде, ага даңктуу Кудай келип:

    7:3 “өз жериңден, тууган-уругуңдан, атаңдын үйүнөн чыгып, Мен көрсөтө турган жерге баргын”, – деди.

    7:4 Ошондо ал Каздим жеринен чыгып, Харанга келип отурукташты. Атасы өлгөндөн кийин, Кудай аны ал жактан азыр силер жашап жаткан ушул жерге көчүрдү.

    7:5 Ал жерден Ыбрайымга бир карыш жер да мурас кылып берген эмес, бирок ал балалуу боло элек болсо да, Кудай ал жерди ага жана анын кийинки тукумуна энчилеп берүүнү убада кылды.

    7:6 Кудай ага: “Сенин тукумуң жат жерде келгин эл болот, аларды кулга айландырып, төрт жүз жыл кысымга алышат.

    7:7 Бирок аларды кулга айландырган элди Мен өзүм жазалайм, ошондон кийин алар ал жерден чыгып, ушул жерде Мага кызмат кылышат”, – деди.

    7:8 Кудай аны менен келишим түзүп, келишимдин белгиси катары ага сүннөткө отургузуу парызын берди. Ыбрайым Ыскак деген уулдуу болуп, аны сегизинчи күнү сүннөткө отургузду. Ыскактан Жакып төрөлдү, Жакыптан Ысрайыл элинин он эки уруусунун түпкү аталары төрөлдү.

    7:9 Алар көрө албастык кылып, Жусупту Мисир жерине кулчулукка сатып жиберишти, бирок Кудай аны менен болду.

    7:10 Аны бардык кыйынчылыктарынан куткарып, ага акылмандык берип, Мисир падышасы фараондон ырайым таптырды. Фараон аны бүт Мисирге жана өзүнүн падыша сарайына башчы кылып койду.

    7:11 Мисир жана Канаан жеринде ачарчылык болуп, элди чоң кайгы басты. Аталарыбыз нансыз калышты.

    7:12 Бирок Жакып Мисирде эгин бар экендигин угуп, аталарыбызды ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку баруусу эле.

    7:13 Алар Мисирге экинчи жолу барышканда, Жусуп бир туугандарына: “Мен силердин бир тууганыңармын”, – деп, ачык айтты. Ошентип, Жусуптун тууган-уругун фараон таанып калды.

    7:14 Жусуп киши жиберип, атасы Жакыпты жана бүт тууган-уругун – жетимиш беш адамды чакыртып алды.

    7:15 Ошентип, Жакып Мисирге көчүп барды. Жакып да, аталарыбыз да ошол жерде көз жумушту.

    7:16 Алардын сөөгү Шекем жериндеги мүрзөгө коюлду. Ыбрайым ал мүрзөнү Шекемдеги Хамор уулдарынан күмүшкө сатып алган эле.

    7:17 Кудайдын Ыбрайымга берген убадасынын аткарыла турган убагы жакындай берди. элибиз да Мисир жеринде көбөйүп жатты.

    7:18 Кийин Жусуп жөнүндө билбеген башка падыша тактыга келди.

    7:19 Ошол падыша биздин элибизге каршы ар кандай айла-амалдарды колдонуп, кысым көрсөттү. элибиз көбөйбөш үчүн, жаңы төрөлгөн балдарды сууга таштоого мажбурлады.

    7:20 Ошол убакта Муса төрөлдү, ал Кудайдын алдында абдан сүйкүмдүү эле. Аны үч ай өз ата-энеси бакты.

    7:21 Ал эми сууга ташталгандан кийин, аны фараондун кызы багып алып, өз уулундай тарбиялап өстүрдү.

    7:22 Муса Мисирде ар тараптуу билим алып, сөзү өтүмдүү, ишке жөндөмдүү адам болду.

    7:23 Ал кырк жашында өзүнүн бир туугандары – ысрайылдыктарды көрүп келүүнү чечти.

    7:24 Барганда, алардын бирин бир мисирлик кордоп жатканын көрүп, болуша кетти. Мисирликти өлтүрүп, кордук көргөн ысрайылдык үчүн өч алды.

    7:25 “Кудай мен аркылуу куткарарын бир туугандарым түшүнөт”, – деп ойлоду ал. Бирок алар түшүнүшкөн жок.

    7:26 үртеси күнү Муса эки ысрайылдыктын бири-бири менен урушуп жатканын көрүп, алардын жанына келди да, аларды элдештиргенге аракет кылып: “Силер бир туугансыңар да! эмнеге бири-бириңер менен урушуп жатасыңар?” – деди.

    7:27 Бирок өз жакынына кордук көрсөтүп жаткан адам Мусаны түртүп жиберип, мындай деди: “Ким сени бизге башчы кылып, соттоочу кылып койду эле?

    7:28 Кечүү мисирликти өлтүрдүң эле, бүгүн мени өлтүргүң келип турабы?”

    7:29 Бул сөздөрдү укканда, Муса Мисирден качып чыкты. Ал Мидиан жеринде келгин катары жашап турду. Ал жерде ал эки уулдуу болду.

    7:30 Кырк жыл өткөндөн кийин, Синай тоосунан алыс эмес жердеги чөлдө күйүп жаткан тикендүү бадалдын жалынынан ага Теңирдин периштеси көрүндү.

    7:31 Муса бул көрүнүштү көрүп, таң калды. Жакшылап караш үчүн, бадалга жакын барганда, ага Теңирдин үнү угулду:

    7:32 “Мен сенин ата-бабаларыңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайымын”. Муса калтырап коркуп, жакшылап караганга даай алган жок.

    7:33 Ошондо Теңир ага мындай деди: “Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер – ыйык жер.

    7:34 Мен Мисирдеги элимдин тартып жаткан азабын көрүп, онтогон үнүн угуп, аларды куткарыш үчүн, асмандан түшүп келдим. Ошондуктан баргын, Мен сени Мисирге жиберемин”.

    7:35 “Ким сени бизге башчы жана соттоочу кылып койду?” деген сөз менен четке кагылган ошол Мусаны Кудай тикендүү бадал ичинде көрүнгөн периште аркылуу башчы кылып, куткаруучу кылып жиберди.

    7:36 Ошол Муса Мисир жеринде, Кызыл деңизде жана кырк жыл бою чөлдө кереметтерди жана ажайыптарды көрсөтүп, аларды Мисирден алып чыкты.

    7:37 Ошол Муса Ысрайыл уулдарына: “Кудай өзүңөрдүн бир туугандарыңардын ичинен мен сыяктуу бир Пайгамбарды чыгарат. Ошону уккула”, – деген.

    7:38 Синай тоосунда өзүнө сүйлөгөн периштенин сөздөрүн чөлдө чогулган ата-бабаларыбызга айтып берген Муса ошол. Ал бизге айтып бериш үчүн, Кудайдан тирүү сөздөрдү кабыл алган.

    7:39 Аталарыбыз ага баш ийүүнү каалашкан жок, тескерисинче, аны четке кагышты, жүрөктөрүн Мисирге буруп,

    7:40 Арунга: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Муса деген неменин эмне болгондугун билбейбиз, ошондуктан бизди баштап жүрө турган кудайларды жасап бер”, – дешти.

    7:41 Ошентип, алар ошол күндөрү алтындан музоо жасап, ошол жасалма кудайга курмандык чалып, өз колдору менен жасалган ишке кубанышты.

    7:42 Ошондо Кудай алардан жүзүн буруп, асман кошуундарына табынган аларды жайына койду. Бул тууралуу “Пайгамбарлар” китебинде мындай деп жазылган: “Ысрайыл эли! Кырк жыл ичинде чөлдө курмандыкка чалган малыңарды жана курмандыктарыңарды Мага арнадыңар беле?

    7:43 Силер өзүңөр менен кошо Молох кудайыңардын чатырын жана Райпан деген жылдыз кудайыңарды алып жүрдүңөр. Силер ал буркандарды табынуу үчүн жасагансыңар, ошондуктан Мен силерди Бабылдан да ары көчүрүп жиберем”.

    7:44 Чөлдө аталарыбыздын күбөлүк чатыры бар эле. Муса ал чатырды Кудай буйругандай кылып, көргөн элгүсү боюнча жасаган болчу.

    7:45 өздөрүнүн ата-бабаларынан өткөрүп алган ал чатырды биздин ата-бабаларыбыз Жашыянын жетекчилиги менен көтөрүп алып, ата-бабаларыбыздын алдынан Кудай өзү кууп чыккан элдердин жерине алып киришчү. Дөөт падышанын убагына чейин ушундай болгон.

    7:46 Кудайдын алдында ырайым тапкан Дөөт Жакыптын Кудайына арнап эй куруу үчүн, Анын өзүнөн уруксат сураган.

    7:47 Єйдү болсо Сулайман курду.

    7:48 Бирок Бардыгынан Жогорку адамдын колу менен курулган ийбадатканаларда жашабайт. Кудай өзү бир пайгамбар аркылуу мындай деп айткан:

    7:49 “Асман Менин тагым, жер – буттарымды койгон орун. Силер Мага кандай эй тургузасыңар? Менин эс ала турган ордум кайсы жер?

    7:50 Булардын баары Менин колум менен жаратылган эмеспи?” – дейт Теңир.

    7:51 Тоң моюндар! Жүрөктөрү менен кулактары сүннөт кылынбаган адамдар! Ата-бабаларыңарга окшоп, силер дайыма Ыйык Рухка каршы чыгасыңар.

    7:52 Силердин ата-бабаларыңар куугунтуктабаган бир да пайгамбар болгон эмес. Ата-бабаларыңар Адилеттүүнүн келерин алдын ала жарыялагандарды өлтүрүшкөн, силер болсо чыккынчылык кылып, Аны өлтүрүп салдыңар.

    7:53 Периштелер аркылуу берилген мыйзамды кабыл алгандар да, аны аткарбагандар да силерсиңер».

    Степандын өлтүрүлүшү

    7:54 Бул сөздөрдү укканда, алар ага кыжырданып, тиштерин кычыратышты.

    7:55 Ыйык Рухка толгон Степан болсо асманга көз жиберип, Кудайдын даңкын жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрдү.

    7:56 Ошондо ал: «Ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган Адам Уулун көрүп жатам», – деди.

    7:57 Бирок алар кулактарын жаап алып, катуу кыйкырып, аны көздөй жапырт умтулушту.

    7:58 Алар аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо өз кийимдерин Шабыл деген бир жаш жигиттин жанына коюп коюшту.

    7:59 Алар таш менен уруп жатышканда, Степан: «Теңир Ыйса! Менин рухумду алчы», – деп сыйынды.

    7:60 Анан чөгөлөп, катуу эн менен: «Теңир! Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе», – деди. Ушинтип айткандан кийин, ал жан берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск