Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Төртүнчү жолку куугунтук

    8:1 Шабыл болсо Степанды өлтүргөндөр тарапта эле. Ошол күндөрдө Иерусалимдеги Жыйынды катуу куугунтукташты. Ошондо элчилерден башкасынын бардыгы Жүйүт менен Самариянын ар кайсы жерине чачырап кетишти.

    8:2 Степандын сөөгүн болсо Кудайдан корккон такыбаа адамдар көргө коюп, ал үчүн катуу аза күтүштү.

    8:3 Ал эми Шабыл эйдөн-үйгө кирип, эркек болобу, аял болобу, бардыгын сүйрөп чыгып, түрмөгө камап, Жыйынды жок кылууга аракет кылып жатты.

    8:4 Чачырап кеткендер болсо эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүштү.

    Филип Самарияда

    8:5 Филип Самария шаарына келип, анын тургундарына Машайак тууралуу Жакшы Кабар таратты.

    8:6 Филип жасаган кереметтерди уккан-көргөн элдин бардыгы анын сөзүнө чын дилден кулак салышты.

    8:7 Анткени жин оорулуу көптөгөн адамдардын ичинен жиндер катуу кыйкырык менен чыгып, көптөгөн шал оорулуулар менен аксактар айыгып жатышкан эле.

    8:8 Ошентип, бул шаар чоң кубанычка бөлөндү.

    Сыйкырчылык кылуучу Шымон

    8:9 Ушул шаарда буга чейин сыйкырчылык кылып, Самария элин таң калтырган, өзүн бир улуу адам кылып көрсөткөн Шымон деген бир киши бар эле.

    8:10 «Бул кишиде Кудайдын улуу кудурети бар», – деп, элдин бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, ага кулак салышчу.

    8:11 Алардын ага кулак салуусунун себеби – ал көп убактан бери өзүнүн сыйкырчылыгы менен аларды таң калтырып жүргөн.

    8:12 Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машайактын ысымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаган Филипке ишенип калган эркектер да, аялдар да сууга чөмүлдүрүлүп жатышты.

    8:13 Шымон да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлдү. Ал Филиптин жанынан чыкпай, жасалып жаткан улуу кереметтер менен ажайыптарды көрүп, таң калып жатты.

    8:14 Иерусалимде калган элчилер самариялыктардын Кудай сөзүн кабыл алганын угушканда, аларга Петир менен Жаканды жиберишти.

    8:15 үкөө келишти да, аларга Ыйык Рух берүүсүн сурап, Кудайга сыйынышты.

    8:16 Анткени алардын үч кимисине Ыйык Рух түшө элек болчу, болгону, алар Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүшкөн эле.

    8:17 үки элчи самариялыктардын үстүнө колдорун коюшканда, алардын үстүнө Ыйык Рух түштү.

    8:18 үлчилердин кол коюусу аркылуу Ыйык Рух берилерин көргөндө, Шымон аларга акча алып келип:

    8:19 «Мага да ушул бийликти бергилечи, мен кимдин үстүнө колумду койсом, анын үстүнө Ыйык Рух түшсүн», – деди.

    8:20 Бирок Петир ага мындай деди: «Күмүшүң менен кошо жок бол, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң.

    8:21 Бул иште сенин тиешең да, элүшүң да жок, анткени сенин жүрөгүң Кудайдын алдында таза эмес.

    8:22 Ошондуктан бул күнөөң үчүн Теңирден кечирим сурап сыйын, балким, Ал жүрөгүңдөгү жаман оюңду кечирер.

    8:23 Анткени мен сенин көрө албастык кылып жатканыңды жана күнөөнүн кишенинде экендигиңди көрүп турам».

    8:24 Ошондо Шымон: «Айткандарыңардын үч бири башыма түшпөш үчүн, мен үчүн Теңирге сыйынгылачы», – деди.

    8:25 Алар болсо Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүп, Теңирдин сөзүн жарыя кылышкандан кийин, Самариянын бир нече айылында Жакшы Кабар таратып, Иерусалимге кайтып келишти.

    Филип жана эфиопиялык эбнух

    8:26 Теңирдин периштеси Филипке мындай деди: «Тур, түштүккө, Иерусалимден Азаны карай кеткен эүн жолго бар».

    8:27 Ал туруп, ошол жакка жөнөдү. Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келген эфиопиялык бир адам үйүнө кайтып бара жаткан эле. Бул эбнух, эфиопиялыктардын аял падышасы Кандакиянын жогорку даражалуу төрөсү, анын казына иштерин башкаруучуларынын башчысы болчу.

    8:28 Ал адам өзүнүн арабасында Ышайа пайгамбардын китебин окуп бара жаткан.

    8:29 Рух Филипке мындай деди: «Жакын барып, бул арабага катарлаш бас».

    8:30 Филип жакын барды да, анын Ышайа пайгамбардын китебин окуп жаткандыгын угуп, андан: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» – деп сурады.

    8:31 «Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» – деди ал. Анан ал Филиптен арабага түшүп, өзүнүн жанына отуруусун өтүндү.

    8:32 Ал Ыйык Жазуудан бул жерди окуган эле: «Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында энсүз жаткан кой сыяктуу ооз ачпайт.

    8:33 Ал кемсинтилип, адилет соттолуу укугунан ажыратылды. Бирок Анын тегин ким айтып бере алат? Анткени Анын жер үстүндөгү өмүрү бүтөт».

    8:34 үбнух Филиптен: «өтүнөм, айтчы, пайгамбар ким жөнүндө айтып жатат? өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү?» – деп сурады.

    8:35 Ошондо Филип сөзүн баштады. Ал Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди.

    8:36 Алар жолдо бара жатып, бир сууга келишти. Ошондо эбнух: «Мына суу! Менин сууга чөмүлдүрүлүүмө кандай тоскоолдук бар?» – деди.

    8:37 Филип болсо ага: «үгерде бүт жүрөгүңдөн ишенсең, анда чөмүлдүрүлсөң болот», – деди. «Ыйса Машайак Кудайдын Уулу экендигине ишенем», – деди ал.

    8:38 Анан ал арабаны токтотууга буйрук берди. Ошентип, Филип менен эбнух сууга киришти. Филип аны сууга чөмүлдүрдү.

    8:39 Алар суудан чыгышканда, эбнухтун үстүнө Ыйык Рух түштү. Филипти болсо Теңирдин периштеси алып кетти. Ошондон кийин эбнух аны көргөн жок. Ал кубанган бойдон өз жолун улантып кете берди.

    8:40 Филип болсо Азотто болуп калды. Кейсареяга жеткенче, бардык шаарларды аралап, Жакшы Кабар таратып жүрүп отурду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск