Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Шабылдын Теңирге кайрылышы

    9:1 Шабыл болсо мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап, башкы ыйык кызмат кылуучуга барды.

    9:2 Бул окутууну жолдогондордун кимисин тапса, ал эркек болобу, аял болобу, аны байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн, Шабыл андан Дамасктагы синагогаларга кат жазып берүүсүн өтүндү.

    9:3 Ошентип, ал жолго чыгып, Дамаскка жакындап калганда, күтүлбөгөн жерден ага асмандан бир жарык түштү.

    9:4 Ал жерге жыгылды. Ошондо ал «Шабыл, Шабыл! эмне үчүн Мени кубалап жатасың?» деген эндү укту.

    9:5 «Сен кимсиң, Теңир?» – деп сурады Шабыл. Теңир ага: «Сен кубалап жаткан Ыйсамын, – деп жооп берди. – Учтуу таякка каршы тура албайсың».

    9:6 Ал коркконунан титиреп, мындай деди: «Теңир! Мага эмне кылууну буюрасың?» Теңир ага: «Тургун да, шаарга баргын, ошондо сага эмне кылышың керек экендиги айтылат», – деди.

    9:7 Аны менен бирге бара жаткан адамдар эндү угуп, бирок үч кимди көрбөй, селдейип туруп калышты.

    9:8 Ордунан турган Шабыл көздөрү ачык болгонуна карабастан, үч кимди көргөн жок. Аны колунан жетелеп, Дамаскка алып келишти.

    9:9 Анын көзү үч күн көргөн жок, ал тамак да жеген жок.

    9:10 Дамаскта Анания деген бир шакирт бар эле. Теңир көрүнүш аркылуу ага: «Анания!» – деп кайрылды. Ал болсо: «Мен угуп жатам, Теңирим», – деп жооп берди.

    9:11 Ошондо Теңир ага мындай деди: «Тур, “Түз көчөсү” деп аталган көчөгө барып, Жүйүт деген кишинин үйүнөн Шабыл деген тарстык кишини сура. Ал азыр сыйынып жатат.

    9:12 Ал мындай көрүнүш көрдү: көрүнүштө анын жанына Анания деген адам келип, анын көздөрү кайрадан көрүш үчүн, үстүнө колдорун койду».

    9:13 Анания болсо Теңирге мындай деди: «Теңир! Мен анын Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа канчалык жамандык кылгандыгын көп кишиден уккам.

    9:14 Бул жерде да ыйык кызмат кылуучулардан Сенин ысымыңды чакыргандардын бардыгын байлатууга уруксат алган».

    9:15 Бирок Теңир ага: «Баргын, анткени ал Менин тандалган идишим. Ал Мен жөнүндө элдердин, падышалардын жана Ысрайыл элинин алдында жарыялайт.

    9:16 Менин ысымым үчүн канчалык азап чегүүсү керек экендигин Мен ага көргөзөмүн», – деди.

    9:17 Анания барып, ошол эйгө кирди да, Шабылдын үстүнө колдорун коюп, мындай деди: «Бир тууганым Шабыл! Келе жаткан жолуңда өзүңө көрүнгөн Теңир Ыйса, көздөрүң кайрадан көрүшү үчүн, Ыйык Рухка толушуң үчүн, мени сага жиберди».

    9:18 Ошол замат анын көзүнөн чел түшүп калгандай болду. Анын көздөрү ачылып, көрө баштады. Ошондо ал ордунан туруп, сууга чөмүлдүрүлдү.

    9:19 Анан тамак жеп, кубаттанды. Шабыл бир нече күн Дамасктагы шакирттер менен болду.

    9:20 Көп өтпөй эле, ал синагогаларда Ыйсанын Кудай Уулу экенин жарыялай баштады.

    9:21 Анын сөзүн уккандардын бардыгы: «Иерусалимде ушул ысымды чакыргандарды куугунтуктаган ушул киши эмес беле? Бул жерге да аларды байлап, башкы ыйык кызмат кылуучуларга алып барыш үчүн келбеди беле?» – деп таң калышты.

    9:22 Барган сайын ишеними бекемделген Шабыл болсо Ыйсаны Машайак деп далилдеп, Дамаскта жашаган жүйүттөрдүн баштарын маң кылды.

    9:23 Бир нече күн өткөндөн кийин, жүйүттөр аны өлтүрүүгө чечим чыгарышты.

    9:24 Бирок алардын бул жаман ою Шабылга маалым болду. Алар аны өлтүрүш үчүн, күндүр-түндүр шаар дарбазаларынын алдында күтүп турушту.

    9:25 Шакирттер болсо түн ичинде аны чабырага салып, дубалдын боору менен төмөн түшүрүп жиберишти.

    Пабылдын Иерусалимге келиши

    9:26 Шабыл Иерусалимге келип, ал жердеги шакирттерге кошулууга аракеттенди. Бирок алардын бардыгы анын Ыйсанын шакирти болгонуна ишенбей, андан коркушту.

    9:27 Барнаба болсо аны элчилерге эүрчитип барды да, аларга анын жолдо Теңирди көргөнүн, Теңирдин ага эмне деп айтканын жана Дамаскта Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратканын айтып берди.

    9:28 Ошондон кийин Шабыл Теңир Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратып, Иерусалимде алар менен чогуу жүрдү.

    9:29 үллинисттер менен да сүйлөшүп, талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүгө аракет кылышты.

    Пабылдын Тарска кайтып келиши

    9:30 Бул жөнүндө уккан бир туугандар аны Кейсареяга алып келип, андан ары Тарска жөнөтүп жиберишти.

    9:31 Ал эми бүт Жүйүт аймагындагы, Галилеядагы жана Самария шаарындагы Жыйындар тынч күндөрдү өткөрүп, рухий жактан өсүп жатышты. Теңирден коркуу менен жашап жаткан алар Ыйык Рухтун жардамы менен көбөйүп жатышты.

    Айнейдин айыгышы

    9:32 Петир баарын кыдырып жүрүп, Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.

    9:33 Ал жерден ал сегиз жылдан бери шал оорусу менен төшөктө жаткан Айней деген адамды көрдү.

    9:34 Петир ага: «Айней! Сени Ыйса Машайак айыктырып жатат. Төшөгүңдөн тургун», – деди. Ал ошол замат ордунан турду.

    9:35 Лиддада жана Шарондо жашагандардын бардыгы аны көрүп, Теңирге кайрылышты.

    Табитанын тирилиши

    9:36 Жапа шаарында Табита деген шакирт аял бар эле. Бул ысым «жейрен» деп которулат. Ал көптөгөн жакшы иштерди кылчу, жакырларга көп жардам берчү.

    9:37 Ошол күндөрдө ал ооруп өлүп калды. Анын сөөгүн жууп, жогорку бөлмөгө жаткырып коюшту.

    9:38 Лидда шаары Жапа шаарына жакын болгондуктан, шакирттер Петирдин Лиддада экендигин угуп, «Бизге тезинен кел» деген өтүнүч менен ага эки кишини жиберишти.

    9:39 Петир алар менен жолго чыкты. Ал келгенде, аны жогорку бөлмөгө киргизишти. Жесир аялдардын баары ыйлап, Петирге келишти да, ага Табитанын тирүү кезинде тиккен көйнөктөрү менен кийимдерин көрсөтүштү.

    9:40 Петир алардын бардыгын сыртка чыгарып жиберип, тизе бүгүп сыйынды, анан маркумга бурулуп: «Табита, ордуңдан тур!» – деди. Ошондо Табита көздөрүн ачты. Петирди көрүп, өйдө болуп отурду.

    9:41 Петир колун сунуп, аны тургузду да, ыйыктар менен жесирлерди чакырып, аларга өлүп кайра тирилген аны көрсөттү.

    9:42 Бул окуя бүт Жапага белгилүү болду. Ошондо көптөгөн адамдар Теңирге ишенип калышты.

    9:43 Петир бир нече күн Жапада, Шымон деген булгаарычыныкында болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск