Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Жүз башы Корнелийдин көрүнүш көрүшү

    10:1 Кейсареяда «Италиялык аскер тобу» деп аталган аскер тобунун Корнелий деген жүз башысы бар эле.

    10:2 Ал бүт эй-бүлөсү менен Кудайдан коркуп жашаган, элге көп жакшылык кылган, дайыма Кудайга сыйынган такыбаа адам эле.

    10:3 Бир күнү күндүзгү тогузунчу саат чамасында ал көрүнүш көрдү. Көрүнүштө ага Кудайдын бир периштеси ачык көрүндү. Ал периште анын үйүнө кирип, ага мындай деди: «Корнелий!»

    10:4 Ал болсо аны көргөндө, коркуп кетип: «үмне дейсиң, Теңирим?» – деди. Периште ага: «Кудай сенин сыйынууларыңды жана жакырларга кылган жакшылыктарыңды эсине алды.

    10:5 Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.

    10:6 Ал деңиздин жүүгинде жашаган Шымон деген булгаарычыныкында конокто. Ал сага өзүңдү жана бүт эй-бүлөңдү куткара турган сөздөрдү айтып берет», – деди.

    10:7 Периште алыстап кеткенден кийин, Корнелий өзүнүн кызматчыларынын арасынан эки кызматчыны жана өзүнүн жанында жүргөн бир такыбаа аскерди чакырып,

    10:8 аларга баарын айтып берди да, аларды Жапага жиберди.

    Петирдин көрүнүш көрүшү

    10:9 үртеси күнү алар жол жүрүп отуруп, шаарга жакындап калышканда, алтынчы саат чамасында Петир сыйыныш үчүн, эйдүн үстүнө чыкты.

    10:10 Ошондо ал ачка болуп, тамак жегиси келди. Тамак даярдалып жаткан убакта ал көрүнүш көрдү.

    10:11 Ошол учурда ал ачылган асманды жана өзүн көздөй түшүп келе жаткан бир идишти көрдү. Ал төрт бурчу байланган дасторкон сыяктуу эле.

    10:12 Анын ичинде жер үстүндөгү төрт аяктуу ар түрлүү жаныбарлар, сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуу куштар бар эле.

    10:13 Ошол жерден ага мындай сөз айтылды: «Петир, ордуңан туруп, буларды союп же».

    10:14 Бирок Петир мындай деди: «Жок, Теңир! Мен үч качан арам же таза эмес нерсе жеген эмесмин».

    10:15 Ошондо ага экинчи жолу мындай эн угулду: «Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе».

    10:16 Бул үч жолу болду, ошондон кийин идиш кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

    10:17 Петир көргөн көрүнүшүнүн эмнени билдирерин түшүнө албай турганда, Корнелий жиберген адамдар Шымондун үйүн сурап, дарбаза алдына токтошту.

    10:18 Алар: «Петир деген да ысым коюлган Шымон ушул жерде коноктобу?» – деп, кыйкырып сурашты.

    10:19 Ошол убакта, Петир көрүнүш жөнүндө ойлонуп жатканда, Рух ага мындай деди: «Сени үч киши издеп жүрөт.

    10:20 Тур, төмөн түшүп, үч шектенбестен, алар менен жөнө, анткени аларды Мен жибердим».

    10:21 Ошондо Петир эйдүн үстүнөн түшүп, Корнелий жиберген адамдардын жанына келип: «Силер издеген адам менмин. Кандай иш менен келдиңер?» – деп сурады.

    10:22 Алар болсо мындай деп жооп беришти: «Бүт жүйүт эли тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө эү болгон, жакшылыкты көп кылган жана Кудайдан корккон жүз башы Корнелий бир ыйык периштеден “Петирди үйүңө чакырып, анын сөздөрүн ук” деген буйрук алды».

    Петир Корнелийдин үйүндө

    10:23 Ошондо Петир аларды эйгө киргизип коноктоду. эртеси эртең менен туруп, алар менен жолго чыкты. Жападагы бир туугандардын күү бирөөлөрү да алар менен бирге жөнөштү.

    10:24 Бир күндөн кийин алар Кейсареяга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандарын, жакын досторун чакыртып алып, аларды күтүп жаткан эле.

    10:25 Петир эйгө киргенде, Корнелий аны кабыл алды да, анын бутуна жыгылып, ага таазим кылды.

    10:26 Петир болсо: «Тур, мен сага окшогон эле адаммын», – деп, аны тургузду.

    10:27 Анан аны менен сүйлөшүп, бөлмөгө кирди. Бөлмөдө көп адам чогулганын көрүп, аларга мындай деди:

    10:28 «Башка улуттун адамы менен мамилелешүү же аныкына баруу жүйүттөргө тыюу салынганын билесиңер. Бирок Кудай мага үч бир адамды арам же таза эмес деп эсептебөөм керектигин ачып берди.

    10:29 Ошондуктан мен силердин чакырыгыңарга каршы болбостон келдим. эми силерден сурайын, мени эмне себептен чакырттыңар эле?»

    10:30 Ошондо Корнелий мындай деп жооп берди: «Мындан төрт күн мурун, ушул убакытта орозо кармап, тогузунчу саатта өзүмдүн үйүмдө сыйынып отургам. Ошол маалда жаркыраган кийим кийген бир адам бет алдыма келип турду да:

    10:31 “Корнелий! Кудай сенин сыйынууңду укту, жакырларга кылган жакшылыктарыңды эсине алды.

    10:32 Жапага киши жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт. Ал деңиз жүүгинде жашаган булгаарычы Шымондун үйүндө конокто”, – деди.

    10:33 Ошол эле замат мен сага кишилерди жибердим, сенин келгениң жакшы болду. Азыр биз, бардыгыбыз, Кудай сага эмнени буйруса, ошонун бардыгын угуу үчүн, Кудайдын алдында турабыз».

    10:34 Ошондо Петир сөзүн мындай деп баштады: «Кудайда бет карамалык жок экенине,

    10:35 ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарына чыны менен ынанып турам.

    10:36 Ал Ысрайыл элине Ыйса Машайак аркылуу тынчтык жөнүндө жар салып, Жакшы Кабар жиберди. Ал – бардык элдердин Теңири.

    10:37 Жакан жар салган чөмүлдүрүүдөн кийин, Галилеядан баштап, бүт Жүйүт аймагында эмнелер болгондугун, башкача айтканда,

    10:38 Кудай назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка жана күчкө кандайча толтурганын, Ошол Ыйса эл аралап, жакшы иштерди жасап, шайтандын бийлиги астында кыйналып жүргөндөрдүн бардыгын айыктырганын билесиңер. Анткени Кудай Аны менен болчу.

    10:39 Анын Жүйүт жеринде жана Иерусалимде кылган бардык иштерине, Аны акырында айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөнүнө биз күбөбүз.

    10:40 Аны Кудай үчүнчү күнү тирилтип,

    10:41 үлдин баарына эмес, Кудай тарабынан алдын ала тандалган күбөлөргө – Ал өлүп, кайра тирилгенден кийин, Аны менен бирге тамак ичкен бизге көрсөттү.

    10:42 Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттой турган, өзү тарабынан дайындалган Сот Ошол экенин жарыялоону жана күбөлөндүрүүнү Кудай бизге буйруду.

    10:43 “Ага ишенген ар бир адамдын күнөөлөрү Ал аркылуу кечирилет”, – деп, бардык пайгамбарлар Ал жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен».

    10:44 Петир ушул сөздөрдү айтып жатканда, сөздү угуп отургандардын бардыгынын үстүнө Ыйык Рух түштү.

    10:45 Ошондо Петир менен келген, Ыйсага ишенген жүйүттөр Ыйык Рухтун бутпарастардын үстүнө да төгүлгөнүнө абдан таң калышты.

    10:46 Анткени алардын ар кандай тилдерде сүйлөп, Кудайды даңктап жатышканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:

    10:47 «Биз сыяктуу эле, бул адамдар да Ыйык Рухту алышты. Демек, алардын сууга чөмүлдүрүлүүсүнө ким тыюу сала алат?»

    10:48 Анан Петир аларга Ыйса Машайактын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүүгө буйрук берди. Ошондон кийин алар Петирден дагы бир нече күн калуусун өтүнүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск