Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Деяния 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Петирдин коргонуу сөзү

    11:1 Жүйүт аймагындагы элчилер менен бир туугандар Кудайдын сөзүн бутпарастар да кабыл алгандыгын угушту.

    11:2 Петир Иерусалимге келгенде, сүннөткө отургузулгандар аны:

    11:3 «үмнеге сен сүннөткө отургузулбагандарга барып, алар менен бирге тамак ичтиң?» – деп жемелешти.

    11:4 Ошондо Петир аларга ирети менен айтып бере баштады:

    11:5 «Жапа шаарында сыйынып отурганымда, мен бир көрүнүш көрдүм: асмандан мага төрт бурчунан кармалган чоң дасторконго окшогон бир идиш түштү.

    11:6 Мен анын ичин көз жүгүртүп карап чыгып, жер үстүндөгү төрт аяктуу жаныбарларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү жана канаттуу куштарды көрдүм.

    11:7 Анан мен “Петир, тур, буларды союп же” деген эндү уктум.

    11:8 Бирок мен: “Жок, Теңир! Мен үч качан арам, таза эмес нерсени жеген эмесмин”, – дедим.

    11:9 Ошондо мага асмандан экинчи жолу эн угулду: “Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе”.

    11:10 Бул үч жолу болду. Андан кийин бардыгы кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

    11:11 Так ошол учурда Кейсареядан мага жиберилген үч киши мен конок болуп турган эйдүн алдына келди.

    11:12 Ошондо Рух мага: “үч шектенбестен, алар менен жөнө”, – деди. Бул алты бир тууган да мени менен бирге жөнөштү. Ошентип, биз ал адамдын үйүнө бардык.

    11:13 Ал бизге өзүнүн үйүнөн периштени кандайча көргөндүгүн, ошол периште ага: “Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.

    11:14 Ал сага өзүңдү да, үйүңдөгүлөрдү да куткара турган сөздөрдү айтып берет”, – деп айтканын айтып берди.

    11:15 Мен сүйлөй баштаганда, мурун биздин үстүбүзгө түшкөндөй болуп, алардын үстүнө да Ыйык Рух түштү.

    11:16 Ошондо мен Теңирдин “Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр” деген сөзүн үстедим.

    11:17 Демек, эгерде Кудай бизге бергенин Теңир Ыйса Машайакка ишенген аларга да берсе, анда Кудайга каршы чыккыдай, мен киммин?»

    11:18 Алар муну укканда, тынчтанып: «Кудай бутпарастарды да тобо кылдырып, түбөлүк өмүргө эү кылып жаткан турбайбы», – деп, Кудайды даңкташты.

    Антийохеядагы Жыйын

    11:19 Степан өлтүрүлгөндөн кийин башталган куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткендер жүйүттөргө гана Жакшы Кабар таратып, Финикияга, Кипрге жана Антийохеяга барышты.

    11:20 Бирок алардын арасындагы кипрликтер менен киренеялыктар Антийохеяга келип, эллиндерге да Теңир Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышты.

    11:21 Аларды Теңир өзү колдоду. өтө көп сандагы адамдар ишенип, Теңирге кайрылышты.

    11:22 Бул кабар Иерусалимдеги Жыйынга да жетти. Ошондо алар Барнабаны Антийохеяга жиберишти.

    11:23 Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп кубанып, бардыгын Теңирге чын жүрөктөн ишенимдүү болууга насааттай баштады.

    11:24 Анткени ал Ыйык Рухка толгон, ишеними бекем жакшы киши болчу. Ошондо көп эл Теңирге кайрылды.

    11:25 Андан кийин Барнаба Шабылды издеп, Тарска кетти. Аны таап, Антийохеяга алып келди.

    11:26 Бир жыл бою алар Жыйын менен чогуу болуп, көптөрдү окутушту. Ошентип, биринчи жолу Антийохеядагы шакирттер машайакчылар деп аталып калышты.

    11:27 Ошол күндөрдө Иерусалимден Антийохеяга пайгамбарлар келишти.

    11:28 Алардын арасынан Агап деген адам ордунан туруп, бүт дүйнөдө катуу ачарчылык болорун Рух аркылуу алдын ала кабарлады. Ал ачарчылык Клавдий падышанын убагында болду.

    11:29 Ошондо шакирттердин ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Жүйүт аймагында жашаган бир туугандарга жардам жиберүүнү чечишти.

    11:30 Ошентип, алар ошол чечим боюнча чогулткандарын Барнаба менен Шабыл аркылуу Жыйын башчыларына берип жиберишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск