Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Есфирь 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Амандын Мордохайга урмат көрсөтүшү

    6:1 Ошол түнү Теңир падышанын уйкусун алды. Ошондо падыша күндөлүк иштер жазылган тарых китебин алып келүүнү буйруду. Китепти падыша алдында окушту.

    6:2 Ал китептен Мордохайдын босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Терештин Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү ойлогонун кабарлаганы тууралуу окушту.

    6:3 Ошондо падыша: «Бул үчүн Мордохайга кандай урмат-сый көрсөтүлдү эле?» – деп сурады. Падышанын кызматчылары: «үч кандай сый көрсөтүлгөн эмес», – деп жооп беришти.

    6:4 Падыша: «Босогодо турган ким?» – деп сурады. Ошондо Аман өзү даярдаган жыгач мамыга Мордохайды астырыш үчүн, падыша менен сүйлөшүүгө падыша сарайынын кире беришиндеги бөлмөгө келген эле.

    6:5 Кызматчылар падышага: «Кире бериште Аман турат», – деп айтышты. Падыша: «Кирсин», – деди.

    6:6 Аман кирди. Падыша ага: «Падыша урмат-сый көрсөткүсү келген адамга эмне кылыш керек?» – деди. Аман ичинен: «Падыша менден башка кимге урмат көрсөтмөк эле?» – деп ойлоду.

    6:7 Аман падышага мындай деди: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга мындай кылыш керек:

    6:8 ага падыша кийчү кийимди алып келишсин, алдына падыша минип жүргөн атты тартышсын, башына падыша таажысын кийгизишсин.

    6:9 Ал кийимдерди, атты падышанын атактуу төрөлөрүнүн бирине берсин, ал төрө падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизип, атты жетелеп, шаар аянтына алып чыгып, анын алдында: “Падыша урмат-сый көрсөткүсү келген адамга ушундай кылынат!” – деп жар салсын».

    6:10 Ошондо падыша Аманга: «өзүң айткан кийим менен атты тезинен алып, падыша дарбазасынын алдында отурган жүйүт Мордохайга ошондой кыл, өзүң айткандын баарын жаса, үч нерсе калтырба», – деди.

    6:11 Аман кийим менен атты алып, кийимди Мордохайга кийгизип, атын жетелеп, шаар аянтына алып чыкты да, анын алдында: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ушундай кылынат!» – деп жар салды.

    6:12 Андан кийин Мордохай падыша дарбазасына кайтып келди. Аман капаланган, башын жапкан бойдон үйүнө шашып жөнөдү.

    6:13 үмне болгонунун баарын Аман аялы Зерешке жана досторуна айтып берди. Акылмандары менен аялы Зереш ага: «Сен Мордохайдын айынан кулай баштадың, ал жүйүттөрдүн тукумунан чыкса, анда ага күчүң жетпейт, анын алдында кулап калат окшойсуң», – дешти.

    Амандын өлтүрүлүшү

    6:14 Алар Аман менен сүйлөшүп бүтө электе эле, падышанын эбнухтары келип, аны үстер даярдаган тойго шаштырышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск