Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Есфирь 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 Ошентип, падыша Аман менен ханыша үстердин тоюна келди.

    7:2 Тойдун экинчи күнү падыша үстерге: «үмне каалайсың, үстер ханыша? Ошол каалооң канааттандырылат, кандай өтүнүчүң бар? Жарым падышачылыкты сурасаң да, берем», – деди.

    7:3 үстер ханыша мындай деп жооп берди: «Падыша, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, эгерде падыша туура көрсө, анда менин каалоом боюнча жанымды куткарып кал, менин өтүнүчүм боюнча элим аман калсын!

    7:4 Анткени мен да, менин элим да кырылыш үчүн, жок болуш үчүн, өлүш үчүн сатылганбыз. эгерде биз кулдукка, күңдүккө эле сатылган болсок, анда мен унчукпайт элем, бирок душман падышанын жоготуусунун ордун толтура албайт».

    7:5 Ошондо Акашбейрош падыша үстер ханышага: «Мындай кылууга батынган неме ким, ал кайда?» – деди.

    7:6 үстер: «Касыбыз да, душманыбыз да – ушул кыянатчыл Аман!» – деди. Ошондо Аман падыша менен ханышанын алдында калтырап кетти.

    7:7 Падыша тойдон каарданып чыгып, падыша сарайынын багына барды. Аман болсо жан соогалап, үстер ханышага жалынды, анткени падышанын катуу өкүм чыгарганын билди.

    7:8 Падыша сарайынын багынан падыша той өтүп жаткан жерге кайра келгенде, тахтадагы үстерге жабышкан Аманды көрүп: «Ал тургай, менин үйүмдө ханышаны зордуктагысы барбы?» – деди. Бул сөз падышанын оозунан чыгары менен, Амандын жүзүн чүмкөй салышты.

    7:9 Ошондо падышага кызмат кылган эбнухтардын бири Харбон: «Падышага жакшылык каалагандыктан кабар берген Мордохай үчүн Аман даярдаган, бийиктиги элүү чыканак болгон жыгач мамы Амандын үйүнүн жанында турат», – деди. Падыша: «Ошол жыгач мамыга өзүн асып салгыла!» – деди.

    7:10 Ошентип, алар Амандын Мордохай үчүн жасаган жыгач мамысына өзүн асып салышты. Ошондо гана падышанын ачуусу тарады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск