Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Есфирь 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Мордохайдын жогорку кызматка коюлушу

    8:1 Ошол күнү Акашбейрош падыша жүйүттөрдүн душманы Амандын үйүн үстер ханышага берди. Мордохай падышанын алдына кирди, анткени үстер падышага Мордохай эмнеси болорун айткан эле.

    8:2 Ошондо падыша Амандын колунан чыгарып алган өз шакегин Мордохайдын колуна салды. үстер болсо Мордохайды Амандын үйүнө башчы кылды.

    8:3 үстер падыша менен кайрадан сүйлөшүп, анын бутуна жыгылып, ыйлап, андан агактык Амандын кыянат ишин жана анын жүйүттөргө каршы жаман ниетин жокко чыгаруусун өтүндү.

    8:4 Падыша үстерге алтындан жасалган падыша таягын сунду. үстер өйдө болуп, падышанын алдында турду.

    8:5 Анан мындай деди: «үгерде падыша туура көрсө, эгерде мен анын алдында ырайым тапсам, эгерде бул иш падышанын алдында адилеттүү болуп эсептелсе, эгерде мен ага жаксам, анда агактык Амадат уулу Амандын жаман ниети боюнча падышанын бардык дубандарындагы жүйүттөрдү кыруу жөнүндө жазылган каттар кайтарылышы үчүн буйрук жазылса экен.

    8:6 Мен өз элимдин башына түшкөн мүшкүлдү кантип карап турам, бир туугандарымдын кырылып жатканын кантип карап турам?»

    8:7 Ошондо Акашбейрош падыша үстер ханыша менен жүйүт Мордохайга мындай деди: «Амандын үйүн үстерге бердим, өзүн болсо жүйүттөргө каршы чыкканы үчүн, жыгач мамыга астырып салдым.

    8:8 Силер да падышанын атынан жүйүттөр жөнүндө өзүңөр каалагандай буйрук жазып, падышанын мөөр шакегин баскыла, анткени падыша атынан жазылып, анын мөөр шакеги басылган катты өзгөртүүгө болбойт».

    8:9 Yчүнчү айда, башкача айтканда, Сибан айынын жыйырма үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Мордохай буйругандай кылып жүйүттөргө, падышанын бийлөөчү төбөлдөрүнө, аймак башкаруучуларына, дубан башчыларына, Индиядан эфиопияга чейин жайгашкан жүз жыйырма жети дубандын ар бирине өз ариби менен, ар бир элдин өз тилинде, жүйүттөргө өз ариби менен, өз тилинде каттарды жазышты.

    8:10 Мордохай аларды Акашбейрош падышанын атынан жазып, падышанын мөөр шакегин басып, чабармандарды ат, төө, качыр менен жөнөттү.

    8:11 Ал катта ар кайсы шаарларда турган жүйүттөр чогулуп, өз өмүрлөрүн сакташ үчүн, өздөрүнө каршы чыккан элдин арасындагы жана дубандагы күчтүүлөрдүн баарын кырып, жок кылып, өлтүрүп, алардын балдарын, аялдарын, мал-мүлкүн талап-тоноп алууга падышанын жүйүттөргө уруксат бергени жөнүндө жазылган эле.

    8:12 Акашбейрош падышанын бул буйругу бардык дубандарда бир күндө, он экинчи айдын, башкача айтканда, Адар айынын он үчүнчү күнү аткарылсын деп көрсөтүлгөн.

    8:13 Бүт элдерге мыйзам катары жарыялана турган бул буйруктун көчүрмөсү ар бир дубанга жеткирилсин, жүйүттөр ошол күнү душмандарынан өч алууга даяр турушсун деп айтылган.

    8:14 Падышанын буудандарына минген чабармандар падышанын буйругун шашылыш алып жөнөштү. Буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды.

    8:15 Ошондо Мордохай падышадан үстүнө ак, жакут түстүү падыша кийимин, башына чоң алтын таажы кийип, зыгыр кездемеден тигилген кочкул кызыл жамынгыч жамынып чыкты. Шушан шаары кубанычка жана шаттыкка бөлөндү.

    8:16 Ошол күн жүйүттөр үчүн жарык чачкан, кубанычтуу, шаңдуу майрам күн болду.

    8:17 Падышанын буйругу менен токтому жеткен бардык дубандардагы, бардык шаарлардагы, бардык жерлердеги жүйүттөрдүн кубанычы койнуна батпай, майрамдап, той өткөрүп жатышты. өлкөдөгү элдердин көпчүлүгү жүйүттөрдөн корккондуктан, жүйүт болуп алышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск