Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 35

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    35-БөЛЄМ

    Сеир тоосу жөнүндө пайгамбарчылык

    35:1 Анан мага Теңирден сөз болду:

    35:2 «Адам уулу! Жүзүңдү Сеир тоосуна буруп, ага каршы пайгамбарчылык кыл.

    35:3 Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага каршымын, Сеир тоосу! Мен өз колумду сага каршы сунуп, сени үч ким жашабаган эүн жерге айландырам.

    35:4 Шаарларыңды урандыга айландырам, сен өзүң да эүн талаага айланасың, ошондо Менин Теңир экенимди билесиң.

    35:5 Сенде түбөлүк кастык болгондуктан, башына мүшкүл түшкөн убакта, акыркы кыйроо убагында Ысрайыл уулдарын кылычтын колуна берип турдуң.

    35:6 Ошон үчүн, – дейт Кудай-Теңир, – Мен тирүүмүн, сени канга айлантам, кан сенин артыңан түшөт. Сен канды жек көрбөгөнүң үчүн кан сенин артыңан түшөт.

    35:7 Сеир тоосун эл жашабаган эүн жерге айландырам, ал жакка баргандарды жана ал жактан кайткандарды жок кылам.

    35:8 Анын тоолорун өзүнүн өлүктөрүнө толтурам. Сенин адырларыңда, өрөөндөрүңдө жана дарыяларыңдын нуктарында кылычтан өлгөндөр кулашат.

    35:9 Сени түбөлүк чөлгө айлантам, сенин шаарларыңда үч ким жашабайт, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

    35:10 Анткени сен Теңир ошол жерде экенине карабастан, «Бул эки эл да, бул эки жер да меники болот, биз аларды эүлеп алабыз», – деп айттың.

    35:11 Ошон үчүн Мен сага аларды жек көргөнүңө жараша, аларды жек көргөндүктөн, аларга көрсөткөн көрө албастыгыңа жараша кылам, сени жазалагандан кийин, аларга өзүм келем, Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир.

    35:12 Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, Мен силердин Ысрайыл тоолорун: «Алар кыйратылды! Бизге жегенге берилди!» – деп табалаганыңардын баарын уктум.

    35:13 Силер өзүңөрдү Менин алдымда тилиңер менен жогору көтөрдүңөр, Мага каршы сөзүңөрдү көбөйттүңөр. Муну Мен уктум”.

    35:14 Кудай-Теңир мындай дейт: “Бүт жер жүзү кубанып жатканда, Мен сени чөлгө айлантам.

    35:15 Ысрайыл үйүнүн энчиси кыйратылганына кубанганың үчүн, Мен да сага ошондой кылам: Сеир тоосу, кыйратыласың, бүт эдом жери да кыйратылат, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск