Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 36

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    36-БөЛЄМ

    Кудайдын Ысрайылга берген батасы

    36:1 Сен, адам уулу, Ысрайыл тоолоруна пайгамбарчылык кыл: Ысрайыл тоолору! Теңирдин сөзүн уккула.

    36:2 Кудай-Теңир мындай дейт: “Душман силер жөнүндө: «И-и! И-и! Түбөлүк тоолор биздин энчибизге тийди», – деп жатышат”.

    36:3 Ошон үчүн пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер башка элдердин энчиси болуп калышыңар үчүн, адамдарга жаманатты, ушак болушуңар үчүн, душмандар силерди кыйратып, туш-туштан жеп-жутушту.

    36:4 Мына ошон үчүн, ошон үчүн гана, Ысрайыл тоолору, Кудай-Теңирдин сөзүнө кулак салгыла”. Тегерек-четтеги башка элдердин шылдыңына калып, олжосуна айланган тоолорго, адырларга, дарыяларга, өрөөндөргө, кыйратылган, таланып-тонолгон, эүн калган шаарларга Кудай-Теңир мындай дейт:

    36:5 Ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: “Менин жеримди өзүнө кубанып энчи кылып алган, аны ичинен жек көрүп, өзүнө олжо кылып алган башка элдерге каршы, бүт эдомго каршы Мен өзүмдүн кызганычымдын оту менен сүйлөдүм”.

    36:6 Ошондуктан Ысрайыл жери жөнүндө пайгамбарчылык кыл, тоолорго жана адырларга, дарыяларга жана өрөөндөргө мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен бул сөздү кызганычым менен, өзүмдүн каарым менен айттым, анткени силер элдердин шылдыңын көтөрүп жатасыңар”.

    36:7 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен өз колумду көтөрүп, тегерегиңердеги элдердин шылдыңы өздөрүнүн башына келет деп ант бердим.

    36:8 Силер болсо, Ысрайыл тоолору, бутагыңарды жаясыңар, Менин элим Ысрайылга мөмө бересиңер, анткени алар жакында келишет.

    36:9 Анткени мына, Мен силерге кайрылам, силер иштетилесиңер, силерге эрөн себилет.

    36:10 Силердин үстүңөргө көп сандаган элди, бүт Ысрайыл элин, жайгаштырам, шаарларга эл отурукташат, урандылар тургузулат.

    36:11 Силердин үстүңөрдө адамдарды жана малды көбөйтөм, алар тукумдап көбөйүшөт, силерге мурунку убактагыдай жайгаштырам, силерге мурунку убактагыга караганда көбүрөөк ырайым көрсөтөм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.

    36:12 Силердин үстүңөргө адамдарды, өзүмдүн элим Ысрайылды алып келем, алар сени эүлешет! Сен алардын мурасы болосуң, мындан ары аларды балдарынан ажыратпайсың”.

    36:13 Кудай-Теңир мындай дейт: “Сага: «Сен адамдарды жеген, өз элиңди баласыз калтырган жерсиң», – деп айтышканы үчүн,

    36:14 сен мындан ары адамдарды жебейсиң, мындан ары өз элиңди балдарынан ажыратпайсың, – дейт Кудай-Теңир.

    36:15 Мындан ары элдерден шылдың укпайсың, мындан ары уруулардан кордук көрбөйсүң, мындан ары өз элиңди мүдүрүлтпөйсүң”», – дейт Кудай-Теңир.

    Ысрайылдын келечектеги тазалануусу жөнүндө

    36:16 Анан мага Теңирден сөз болду:

    36:17 «Адам уулу! Ысрайыл өз жеринде жашап турганда, ал жерди ал өзүнүн жүрүш-турушу менен, өзүнүн иштери менен булгады. Алардын жолу Менин алдымда аялдын тазаланып жаткан убагындагы таза эместигиндей эле.

    36:18 Мен аларга өз каарымды төктүм, анткени алар бул жерге кан төгүштү, бул жерди өздөрүнүн жасалма кудайлары менен булгашты.

    36:19 Мен аларды элдердин арасына чачып жибердим, Мен аларды жер-жерлерге сапырдым. Мен аларды өздөрүнүн жолдоруна жана иштерине жараша жазаладым.

    36:20 Алар элдердин арасына барганда, Менин ыйык ысымымды булгашты, анткени алар жөнүндө: “Булар – Теңирдин эли, Анын жеринен чыгышты”, – деп айтып жатышат.

    36:21 Ошондо Мен Ысрайыл барган жерлердеги элдердин арасында булганган өзүмдүн ыйык ысымымды аядым.

    36:22 Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, Мен муну силер үчүн эмес, силер элдердин арасына барганда булгаган өзүмдүн ыйык ысымым үчүн кылам.

    36:23 Силер элдердин арасында булгаган, элдердин арасында даңктабаган өзүмдүн улуу ысымымды ыйык кылам, элдердин көз алдында силерге өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет, – дейт Кудай-Теңир.

    36:24 Силерди элдердин арасынан алып чыгам, бардык өлкөлөрдөн жыйнайм, силерди өз жериңерге алып келем.

    36:25 Yстүңөргө таза суу чачам, ошондо силер таза болосуңар, силерди бардык таза эмес нерселериңерден жана бардык жасалма кудайларыңардан тазалайм.

    36:26 Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем.

    36:27 Силердин ичиңерге өз рухумду салам, силерди Менин мыйзамдарым менен жүргүдөй, Менин буйруктарымды сактагыдай жана аткаргыдай кылам.

    36:28 Ошондо Мен силердин ата-бабаларыңарга берген жерде жашайсыңар, Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом.

    36:29 Силерди бардык таза эмес нерселериңерден бошотом, дан өсүмдүктөрүн өстүрөм, аларды мол кылам, силерде ачкачылык болбойт.

    36:30 Бак-дарактардын мөмөлөрүн, дан өсүмдүктөрүн мол кылам, мындан ары ачкачылыктын айынан элдерге шылдың болбойсуңар.

    36:31 Ошондо өзүңөрдүн жаман жолдоруңарды, кыянат иштериңерди эсиңерге түшүрөсүңөр, силер өзүңөрдүн мыйзамсыздыгыңар үчүн, ыпылас иштериңер үчүн өзүңөрдөн жийиркенесиңер.

    36:32 Билип койгула, муну Мен силер үчүн жасабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Ысрайыл эли, өзүңөрдүн жолдоруңардан уялгыла, кызаргыла”.

    36:33 Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди бардык мыйзамсыздыгыңардан тазалаган күнү шаарларыңарга эл отурукташтырам, урандылар кайра тургузулат.

    36:34 Нары-бери өткөн адамдын көзүнө чөл болуп көрүнгөн, эүн калган жерлер иштетилет.

    36:35 Ошондо: «Бул эүн калган жер эйден багындай болуп калды, бул кыйратылган, эүн калган, таланып-тонолгон шаарлар бекемделди, ага эл отурукташты», – деп айтышат.

    36:36 Ошондо силердин тегерегиңерде калган элдер Менин уратылганды кайра тургузган, эүн калган жерди элдүү кылган Теңир экенимди билишет. Мен Теңирмин, Мен айтканымды кылам”.

    36:37 Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайылга дагы мындай ырайым кылам: анын адамдарын короо-короо койлордой көп кылам.

    36:38 Майрам убагында Иерусалимде курмандыкка чалынуучу койлор кандай көп болсо, эүн калган шаарларда да эл ошондой көп болот, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск