Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    14:1 Самария бүлгүнгө учурайт, анткени өз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат.

    Теңирге кайрылууга чакыруу

    14:2 Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын айынан мүдүрүлүп жыгылдың.

    14:3 өзүңөр менен кошо сөздөрдү алып, Теңирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: “Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз.

    14:4 Ашур эми бизди куткарбайт. Мындан кийин атка минбейбиз, мындан ары колубуз менен жасаган буюмдарды «биздин кудайларыбыз» деп атабайбыз, анткени жетимдер Сенден гана ырайым табышат”.

    Кудайдын сүйүүсү

    14:5 Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды өз каалоом менен сүйөм, анткени Менин каарым алардан бурулду.

    14:6 Мен Ысрайылга шүүдүрүм болом. Ал лилиядай болуп гүлдөйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят.

    14:7 Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат.

    14:8 Анын көлөкөсүндө отургандар кайтып келишет, эгин өстүрүшөт, өздөрү жүзүм сабактары сыяктуу гүл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот.

    14:9 “үми буркандар менен эмне ишим бар?” – дейт эпрайым. Мен аны угам, ага назарымды салам. Мен түбөлүк көгөрүп турган кипаристей болом: сенин жемиштериң Менден болот.

    14:10 Акылдуу адам муну түшүнсүн, даанышман адам муну билсин. Анткени Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мүдүрүлүшөт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск