Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Кудайдын Ысрайылга каарданышы

    13:1 үпрайым сүйлөгөндө, бардыгы титиреп турчу. Ал Ысрайылда жогору көтөрүлгөн, бирок Баал аркылуу күнөөгө батып өлдү.

    13:2 Азыр да алар күнөөлөрүнө күнөө кошуп алышты. Алар өздөрүнүн түшүнүгү боюнча өздөрүнүн күмүшүнөн өздөрүнө куйма буркандарды жасашты, алардын баары – толугу менен сүрөтчүнүн колунан чыккан иш. Алар курмандык чалган адамдарга: “Букачарларды өпкүлө!” – деп жатышат.

    13:3 Ошон үчүн алар таңкы булуттай, тез эле жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй, кырмандан шамал учурган топондой, мордон чыккан түтүндөй болушат.

    13:4 Бирок сен Мисир жеринен чыккандан бери Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Ошондуктан сен Менден башка кудайды билбешиң керек, Менден башка Куткаруучу жок.

    13:5 Мен сени чөлдө, какшыган жерде таанып билдим.

    13:6 Жайыты бар алар ток эле. Тойгондуктан алардын жүрөгү текеберденди, ошондо алар Мени үстеринен чыгарып коюшту.

    13:7 Ошон үчүн Мен аларга арстандаймын, кабыланга окшоп жолдо аңдып турам.

    13:8 Мен аларга мамалактарынан ажыраган ургаачы аюудай кол салам, алардын көөдөнүн жарып салам, Мен аларды ошол жерде ургаачы арстандай болуп жеп салам, аларды талаа жырткычтары тытып кетишет.

    13:9 Сен өзүңдү өлтүрдүң, Ысрайыл, анткени сен өзүңдүн таянычың болгон Мага каршы чыктың!

    13:10 Сени куткара турган падышаң азыр кайда? Сенин бардык шаарларыңдагы башчыларың кайда? Сен алар жөнүндө “Мага падыша жана башчыларды бер!” деп айткансың.

    13:11 Ошондо Мен сага каарым менен падыша бердим, анан аны ачуум менен тартып алдым.

    13:12 үпрайымдын мыйзамсыздыгы түйүнчөккө түйүлүп турат, анын күнөөсү сакталып турат.

    13:13 Ал төрөп жаткан аялдай кыйналат. Ал – акылсыз уул, болбосо ал өзүнүн төрөлүүсүн создуктурмак эмес.

    13:14 Мен аларды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен кун төлөп куткарам, аларды өлүмдөн куткарам. өлүм! Сенин уу тишиң кайда? өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда? өкүнүү көздөрүмдөн жашыруун.

    13:15 үпрайым бир туугандарынын арасында жемиштүү болсо да, чыгыш шамалы, чөлдөн көтөрүлгөн Теңир шамалы, келет, ошондо анын булагы соолуйт, башаты какшыйт: ал шамал бардык кымбат баалуу нерселер сакталган казынаны кыйратат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск