Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 35

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    35-БөЛЄМ

    Кудайдын элинин сооронушу. Ысрайылдын чогулушу

    35:1 Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт.

    35:2 Ал сонун болуп гүлдөп, кубанат, салтанат куруп кубанып турат. Ага Лебанондун атагы, Кармел менен Шарондун көркү берилет. Алар Теңирдин даңкын, биздин Кудайыбыздын улуулугун көрүшөт.

    35:3 Алсыраган колуңарды чыңдагыла, титиреген тизеңерди бекемдегиле.

    35:4 Коркокторго айткыла: «Бекем болгула, коркпогула. Мына, силердин Кудайыңар келет, Ал өч алыш үчүн келет, жазалоочу Кудай келип, силерди куткарат».

    35:5 Ошондо сокурлардын көздөрү ачылат, дүлөйлөрдүн кулактары ачылат.

    35:6 Ошондо аксак бугудай секирет, дудук ырдайт, анткени чөлдөн суулар, талаалардан өзөндөр атырылып чыгат.

    35:7 Кургак жер көлгө айланат, суусуз жер суу булагына айланат, чөөлөр жашаган жер камыш, жылгын өскөн жерге айланат.

    35:8 Ал жерде чоң жол болот, ал жол ыйык жол деп аталат. Ал жол менен таза эместер басышпайт, ал жол менен алар гана басышат. Ал жол менен бара жаткан адамдар, атүгүл, тажрыйбасыз адамдар да адашпайт.

    35:9 Ал жерде арстан болбойт, ал жолго жырткыч айбан чыкпайт, аны ал жерден таппайсың, ал жол менен куткарылгандар гана жүрүшөт.

    35:10 Теңир куткаргандар кайтып келишет, Сионго кубанычтуу кыйкырык менен келишет, алардын баштарын түбөлүктүү кубаныч курчайт, алар шаттык жана кубаныч табышат, кайгы менен эшкүрүк жок болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск