Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-БөЛЄМ

    үлдердин жазаланары жөнүндө

    34:1 үлдер, жакын келгиле, уруулар, уккула, кулак салгыла! Жер жана аны толтуруп тургандын бардыгы, аалам жана анда жаралгандардын баары уксун!

    34:2 Анткени Теңирдин ачуусу бардык элдерге, Анын каары бүт жамаатка төгүлөт. Теңир аларды жок кылат, өлтүрөт.

    34:3 Ошондо алардын өлтүрүлгөндөрү чачылып ташталат, алардын өлүктөрүнөн сасык жыт чыгат, алардын канынан тоолор эрийт.

    34:4 Бардык асман кошуундары чирийт, асман түрмөк китептей түрүлөт, анын бүт кошуундары жүзүм сабагынын жалбырактары күбүлгөндөй, анжырдын куураган жалбырактары күбүлгөндөй күбүлүп түшөт.

    34:5 «Анткени Менин кылычым асманда канга тойду. Мына, ал эдомду жана Мен каргышка калтырган элди жазалаш үчүн түшүп келе жатат».

    34:6 Теңирдин кылычы канга малынат, майга, козулар менен текелердин канына, койлордун бөйрөк майларына семирет, анткени Теңирдин курмандыгы Ботсрада, чоң мууздоо эдом жеринде.

    34:7 Алар менен кошо топоздор, өгүздөр менен кошо букачарлар өлөт, жер алардын канына тоёт, топурак алардын майына семирет.

    34:8 Анткени бул – Теңирдин өч алуу күнү, Сион үчүн жазалай турган жыл.

    34:9 Анын дарыялары чайырга айланат, топурагы күкүрткө айланат, ошентип, анын жери күйүп турган чайыр болот:

    34:10 ал күндүз да, түн ичинде да өчпөйт. Анын түтүнү түбөлүккө көтөрүлүп турат. Ал жер укумдан-тукумга эүн калат. Ал жерден кылымдар бою үч ким өтпөйт.

    34:11 Ал жерди биргазан менен кирпи эүлейт, ал жерге экү менен кузгун уялайт, анын үстүнөн кыйратуучу аркан жана жок кылуучу салмоор тартышат.

    34:12 Ал жерде анын атактууларынын ичинен падышачылыкка чакырганга үч ким калбайт, бүт төрөлөрү үч нерсеге арзыбай калышат.

    34:13 Анын ак сарайларын тикендүү өсүмдүктөр, сепилдерин чалкан менен уйгак басат, ал жер чөөлөргө ийин, төө куштарга түнөк болот.

    34:14 Чөл жырткычтары жапайы мышыктар менен жолугушат, текелер бири-бири менен эн алышып чакырышат. Ал жерде түнкү албарсты эс алат жана өзүнө тынчтык табат.

    34:15 Ал жерге учуучу жылан уялап, жумуртка басып, балдарын чыгарат, аларды өзүнүн көлөкөсүнүн астына чогултат. Ал жерге жорулар да чогулушат.

    34:16 Теңирдин китебинен издеп таап окугула. Алардын бири да болбой койбойт, бири экинчиси менен алмаштырылбайт, анткени Теңир өз оозу менен буйрук кылган, аларды Анын Руху өзү чогултат.

    34:17 Аларга Теңир өзү өкчөмө таш ыргыткан, аларга жерди Анын колу чен аркан менен бөлүп берген. Алар ал жерди түбөлүккө эүлешет, ал жерде укумдан-тукумга жашашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск