Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-БөЛЄМ

    Жардам сурап сыйынуу жөнүндө

    33:1 Кыйратылбаган кыйратуучу, таланбаган талоончу, кайгы сага! Сен кыйратып бүткөндөн кийин, өзүң да кыйратыласың. Сен талап-тоноочулугуңду токтоткондон кийин, сени да талап-тоношот.

    33:2 Теңир! Бизге ырайым кыл, биз Сенден эмүттөнөбүз. Таң сүргөндөн тартып биздин каруу-булчуңубуз боло көр, кыйын-кыстоо күндөрдө биздин куткаруучубуз боло көр!

    33:3 Сенин коркунучтуу добушуңдан элдер качышат, Сенин улуулугуңдан уруулар чачырайт.

    33:4 Силердин олжоңорду кырк аяк жыйнагандай жыйнашат, олжоңорго чегиртке тийгендей тийишет.

    33:5 Жогоруда жашаган Теңир улуу. Ал Сионду адилеттикке жана акыйкаттыкка толтурат.

    33:6 Ошондо сенин коопсуз күндөрүң келет, куткарылуу, акылмандык жана билим мол болот. Кудайдан коркуу сенин байлыгың болот.

    33:7 Мына, алардын күчтүүлөрү көчөлөрдө кыйкырып жатышат. Тынчтыктын элчилери катуу ыйлап жатышат.

    33:8 Жолдор эүн калды. Саякаттап жүргөндөр жок. Ал келишимди бузду, шаарларды кыйратты, адамдарды барк албай калды.

    33:9 Жер кайгырып, кургап жатат. Лебанон маскара болуп, соолуп калды. Шарон чөлгө окшоп калды, Башан менен Кармел жалбырактары түшүп, жылаңач калды.

    Кудайдын соту жөнүндө

    33:10 «Азыр мен турам, – дейт Теңир, – азыр өйдө турам, азыр көтөрүлөм.

    33:11 Силердин боюңарда чөп бар, саман төрөйсүңөр. Демиңер – от, ал өзүңөрдү жалмайт.

    33:12 үлдер күйүп жаткан акиташтай болушат, кыйылган тикенектей болуп отко өрттөлүшөт.

    33:13 Алыстагылар, Менин эмне кыларымды уккула, жакындагылар, силер да Менин кудуретимди таанып билгиле».

    33:14 Сиондогу күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрү түшүп калды. Кудайсыздарды калтырак басты: «Биздин арабыздан ким жалмаган от ичинде жашай алат? Биздин арабыздан ким түбөлүктүү жалындын ичинде жашай алат?»

    33:15 Чындыктын жолунда жүргөн, чындыкты сүйлөгөн адам жашай алат. Талап-тоноодон тапкан пайданы жек көргөн, парадан колун тарткан, кан төгүүнү уккусу келбей кулагын жапкан, кыянаттыкты көргүсү келбей көзүн жумган адам жашай алат.

    33:16 Ал бийиктиктерде жашайт. Анын баш паанасы – адам бара алгыс аска, ага нан берилет, суусу түгөнбөйт.

    Жаркын келечек

    33:17 Сенин көзүң Падышаны бүт сулуулугу менен көрөт, алыскы жерди көрөт.

    33:18 Жүрөгүңдө коркунучтар тууралуу эскерүүлөр гана калат: «Каттоо жүргүзүүчү кайда? Салыкты таразага тартуучу кайда? Мунараны карап чыгуучу кайда?»

    33:19 Мындан ары каардуу элди, так эмес, ачык эмес, таң каларлык, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элди көрбөйсүң.

    33:20 Биздин майрамдык чогулуштар өткөн Сион шаарыбызга көз чаптыр. Сенин көздөрүң бекем жыйын чатырын, бейпил турак болгон Иерусалимди көрөт. Анын мамылары үч качан жулунбайт, анын бир да арканы эзүлбөйт.

    33:21 Ал жерде биздин улуу Теңир дарыялардын ордуна, жазы каналдардын ордуна болот. Ал жерге бир да калактуу кайык кирбейт, чоң кеме өтпөйт.

    33:22 Анткени Теңир биздин сотубуз, Теңир биздин мыйзам чыгаруучубуз, Теңир биздин падышабыз: Ал бизди куткарат.

    33:23 Сенин аркандарың бошоп калды, мачталарды кармай албайт, парустарды тарта албайт. Ошондо чоң олжо бөлүнөт, аксактар да талап-тоногонго барышат.

    33:24 Ошондо тургундардын бири да: «Мен ооруп жатам», – деп айтпайт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск