Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-БөЛЄМ

    Акыйкат бийлик жүргүзгөн падыша

    32:1 Мына, Падыша акыйкаттык менен падышачылык кылат, төрөлөр мыйзам боюнча башкарышат.

    32:2 Алардын ар бири шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот.

    32:3 Көрүп тургандардын көздөрү жумулбайт, угуп тургандардын кулактары угат.

    32:4 Жеңил ойлуулардын жүрөгү ой жүгүртө ала тургандай болот, кекечтер таптак сүйлөшөт.

    32:5 Акылсыздарды урматтуу деп атабай калышат, кара ниет адамды чынчыл деп айтпай калышат.

    32:6 Анткени акылсыз акылсыздыкты сүйлөйт, анын жүрөгү мыйзамсыздык жөнүндө ойлойт, эки жүздүүлүк менен иш кылат, Теңирге акарат келтирет, ачканы нанынан ажыратат, суусагандын суусун тартып алат.

    32:7 Кара ниет адамдын иштери да – өлүмгө алып баруучу иштер: ал кедейдики туура болгонуна карабастан, аны жалган сөздөр менен өлтүрүүнүн жолун ойлойт.

    32:8 Ал эми чынчыл адам чындык жөнүндө ойлойт жана чындыкта бекем турат.

    үскертүү жана убада

    32:9 Камырабаган аялдар! Тургула, менин үнүмдү уккула! Бейкам жаткан кыздар! Менин сөздөрүмө кулак түргүлө!

    32:10 «Бир жыл, бир нече күн өткөндөн кийин эрөйүңөр учат, камырабагандар, анткени жүзүм жыйноо болбойт, түшүм жыйноо мезгили келбейт.

    32:11 Титирегиле, камырабагандар! Корккула, бейкам жаткандар! Кийимиңерди чечкиле, зумбал кийгиле, белиңерди буугула!

    32:12 Сонун талаалар жөнүндө, мөмөлүү жүзүм сабагы жөнүндө кайгырып, көкүрөгүңөрдү койгулайсыңар.

    32:13 Кубанычка баткан шаардагы көңүл ачуучу бардык үйлөрдү тикенек, отоо чөп баскандай, Менин элимдин жерин да тикенек, отоо чөп басат».

    32:14 Анткени ак сарайларды таштап кетишет, шаңдуу шаар эүн калат. Чеп менен мунара түбөлүккө үңкүр ордуна кызмат кылат, жапайы эшектер менен жайылып жүргөн малга баш паана болот.

    32:15 Бизге жогорудан Рух төгүлгөнгө чейин, чөл бакка айланганга чейин, бакты токой деп эсептешкенге чейин ошондой болот.

    32:16 Ошондо бул чөлгө акыйкаттык орнойт, берекелүү, түшүмдүү жерде адилеттик өкүм сүрөт.

    32:17 Акыйкаттыктын иши тынчтык болот, адилеттиктин жемиши бейпилдик жана түбөлүк коопсуздук болот.

    32:18 Ошондо менин элим бейпил жерде, коопсуз айыл-кыштактарда, тынч турак жайларда жашайт.

    32:19 Токойго мөндүр жаайт, шаар өрөөнгө түшөт.

    32:20 Суулардын жүүгине эгин эккендер, ал жерге өгүзү менен эшегин жибергендер, силер бактылуусуңар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск