Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Кудайдын Иерусалимди коргору жөнүндө

    31:1 Мисирликтердин аттарынын көптүгүнө эмүт кылып, майдан арабаларынын көптүгүнө таянып, атчандарынын күчүнө ишенип, Мисирге жардам сурап бара жаткандарга кайгы! Алар Ысрайылдын Ыйыгына эмүттөнүшкөн жок, Теңирге жардам сурап кайрылышкан жок!

    31:2 Бирок Теңир акылман, мүшкүл салат, өзүнүн сөзүн ишке ашырбай койбойт. Мыйзамсыздардын үйүнө, мыйзамсыз иштерди кылгандардын жардамына каршы чыгат.

    31:3 Мисирликтер – Кудай эмес, адамдар. Аттары – рух эмес, эт. Теңир колун сунганда, коргоочу мүдүрүлөт, коргонуучу кулайт, баары бирге өлүшөт.

    31:4 Анткени мага Теңир мындай деп айтты: «өзүнүн олжосунун үстүндө ырылдаган арстан, жаш арстан, өзүнө каршы көптөгөн койчулар кыйкырса да, алардын кыйкырыгынан солк этпейт, алар көп болсо да, өзүнүн олжосун бербейт. Ошол сыңары, Себайот Теңир да Сион тоосу үчүн, анын адырлары үчүн салгылашканы түшүп келет».

    31:5 Канаттуулар балапанын коргогондой, Себайот Теңир Иерусалимди коргойт. Теңир аны коргойт, куткарат, аяйт, сактап калат.

    31:6 Ысрайыл уулдары, Кимдин алдында ушунчалык көп күнөөгө батсаңар, Ошонун өзүнө кайрылгыла!

    31:7 Ошол күнү ар бир адам өзүнүн күмүш кудайларын, алтын кудайларын ыргытат. Аларды өз колуңар менен жасап, күнөөгө баткансыңар.

    31:8 «Ашур адамдын кылычынан өлбөйт, аны адамдын кылычы кырбайт, ал кылычтан качып кутулат, анын уландары салык ордуна кетет.

    31:9 Коркконунан өз сепилинин жанынан өтө качат. Туудан анын төрөлөрүнүн эрөйү учат», – дейт оту Сиондо, очогу Иерусалимде болгон Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск