Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Аюбдун жетинчи жообу

    23:1 Аюб мындай деген жооп айтты:

    23:2 «Бүгүн да менин сөзүм кайгылуу. Тарткан азаптарым онтоолорумдан оор.

    23:3 Оо, мен Аны кантип табарымды билсем кана, Анын тагына жакындай алсам кана!

    23:4 Анда мен анын алдында өз иштеримди айтып бермекмин, оозумду актана турган сөзгө толтуруп алмакмын.

    23:5 Анын мага эмне деп жооп берерин билип алмакмын, Анын мага эмне айтарын түшүнүп алмакмын.

    23:6 Кантип эле Ал эбегейсиз кудуреттүү болуп туруп, мени менен таймашсын? Жок, Ал антпейт! Ал мага көңүл буруп эле койсо кана!

    23:7 Ошондо адил адам Аны менен таймаша алмак, ошондо мен да өз өкүмдарымдан түбөлүк азаттык алмакмын.

    23:8 Бирок мен чыгышка барсам да, Ал жок, батышка барсам да, Аны байкабайм.

    23:9 Түндүктөн издесем да, Аны таппайм, Ал түштүктө жашынып турабы дейин десем, ал жактан да көрүнбөйт.

    23:10 Бирок Ал менин жолумду билет. Мейли, мени сынап көрсүн, ошондо мен алтындай болуп чыгам.

    23:11 Менин бутум Анын жолунда бекем турат. Анын жолун сактадым, үч жакка бурулбадым.

    23:12 Анын оозунан чыккан осуяттардан бурулуп кетпедим. Анын оозунан чыккан сөздөрдү өз эрежемден артык сактадым.

    23:13 Бирок Ал бекем экен. Аны ким жолдон чыгара алат? Ал өз жүрөгүнүн каалаганын жасайт.

    23:14 Ошон үчүн Ал мага эмнени белгилеп койсо, ошону орундатат. Анын ушуга окшогон ойлору көп.

    23:15 Ошондуктан мен Анын алдында калтырайм, ойлоном жана Андан корком.

    23:16 Кудай жүрөгүмдү алсыратты, кудуреттүү Кудай мени коркутту.

    23:17 Мен эмне үчүн бул караңгылыктан мурун жок болбодум? эмне үчүн Ал да менин жүзүмдөн караңгыны алып таштабады?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск