Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы,анын Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүүсү

    3:1 Бир нече жылдан кийин чөмүлдүрүүчү Жакан келип, Жүйүт жериндеги эүн талаада мындай деп жар сала баштады:

    3:2 «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».

    3:3 Жакан жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, эүн талаада жар салган эн угулат», – деп айткан.

    3:4 Жакан болсо төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Жегени чегиртке менен жапайы бал эле.

    3:5 Ошондо Иерусалимдеги, Жүйүт аймагындагы жана Иордан дарыясынын айланасындагы элдин баары ага келип,

    3:6 күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясында сууга чөмүлдүрүп жатты.

    3:7 Чөмүлдүрүлүү үчүн келе жаткан бир топ фарисейлер менен садукейлерди көргөндө, Жакан мындай деди: «Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты?

    3:8 Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө!

    3:9 “Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат.

    3:10 Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.

    3:11 Мен силерди тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп жатам, бирок менин артымдан Келе Жаткан менден күчтүү. Мен Анын бут кийимин көтөрүп жүрүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

    3:12 Анын күрөгү өз колунда, Ал өз кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».

    Ыйсанын чөмүлдүрүлүшү

    3:13 Ошондо Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди.

    3:14 Жакан Аны токтотуп: «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?» – деди.

    3:15 Бирок Ыйса ага: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек», – деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди.

    3:16 Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү.

    3:17 Ошондо асмандан «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген эн угулду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск