Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ыйсанын сыналуусу

    4:1 Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды.

    4:2 Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду.

    4:3 Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «үгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» – деди.

    4:4 Ыйса ага: «“Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт”, – деп, Ыйык Жазууда жазылып турат», – деп жооп берди.

    4:5 Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди:

    4:6 «үгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».

    4:7 Ыйса ага: «Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп да жазылып турат», – деп жооп берди.

    4:8 Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү.

    4:9 Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем», – деди.

    4:10 Ошондо Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени: “Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.

    4:11 Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.

    Ыйсанын Капернаум шаарына келип, кызматын баштоосу

    4:12 Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти.

    4:13 Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея көлүнүн жүүгиндеги Капернаум шаарына жайланышты.

    4:14-15 Бул Ышайа пайгамбар аркылуу «Деңизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы өйүзүндө жашаган бутпарастардын Галилеясы,

    4:16 караңгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык жаркырады» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн болду.

    4:17 Ошол убакыттан тартып, Ыйса мындай деп жар сала баштады: «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».

    Петир менен Андрейдин кызматка чакырылышы

    4:18 Ал Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Петир деген да ысым коюлган Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Бул эки бир тууган көлгө тор ыргытып жатышкан, анткени алар балыкчылар эле.

    4:19 Ыйса аларга: «Менин артымдан эүрчигиле, силерди Мен адам кармоочу кыламын», – деди.

    4:20 Алар ошол замат торлорун таштап, Аны эүрчип жөнөштү.

    Жакып менен Жакандын Ыйсанын артынан эүрчүүсү

    4:21 Ыйса андан ары кетип бара жатып, башка эки бир тууганды, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бирге кайыкта торлорун оңдоп жатышкан. Ыйса аларды да чакырды.

    4:22 Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны эүрчип жөнөштү.

    4:23 Ыйса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Асман Падышачылыгы жөнүндө Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүрдү.

    4:24 Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар түрдүү кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.

    4:25 Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жүйүт аймагынан жана Иордан дарыясынын наркы өйүзүнөн келген топ эл Ыйсанын артынан эүрчип жүрдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск