Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Тоодо айтылган насаат. Кимдер бактылуу

    5:1 Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери жанына келишти.

    5:2 Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады:

    5:3 «Руху жакырлар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.

    5:4 Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат.

    5:5 Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат.

    5:6 Адилеттикке ачыккандар жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюшат.

    5:7 Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат.

    5:8 Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт.

    5:9 Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат.

    5:10 Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.

    5:11 Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар.

    5:12 Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.

    Ыйсага ишенгендердин бул дүйнөдөгү милдети

    5:13 Силер жердин тузусуңар. эгерде туз өз даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресиң? Ал адамдардын тепсендисине ыргытылуудан башка үч нерсеге жарабайт.

    5:14 Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт.

    5:15 Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт. Єйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.

    5:16 Силердин жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын.

    Ыйсанын мыйзамга карата мамилеси

    5:17 Мени мыйзамды же пайгамбарлардын сөзүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим.

    5:18 Мен силерге чындыкты айтып коёюн, асман менен жер жок болмоюнча, бардыгы аткарылмайынча, мыйзамдын бир да тамгасы, бир да белгиси жок болбойт.

    5:19 Ошондуктан ким бул осуяттардын эң кичинесин аткарбаса жана башкаларга да ошентип эйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “үң кичинекей” деп аталат. Ал эми ким аткарса жана эйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “улуу” деп аталат.

    5:20 Силерге айтып коёюн, эгерде силер мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден да адилеттүү болбосоңор, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

    Алтынчы осуят

    5:21 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Киши өлтүрбө. Ким киши өлтүрсө, ал жазага тартылат”, – деп айтылганын уккансыңар.

    5:22 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: бир тууганына жөнү жок ачууланган ар бир адам жоопко тартылат. Бир тууганын “келесоо” деген адам синедрион алдында жоопко тартылат, “акылсыз” деген адам болсо оттуу көлгө түшөт.

    5:23 Ошондуктан сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыңды алып келгениңде, бир тууганыңдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиңе түшсө,

    5:24 анда курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана курмандыгыңды алып кел.

    5:25 Жолдо бара жатканыңда эле, каршылашың менен элдешип алганга шаш. Болбосо каршылашың сени сотко берет, сот болсо сакчыга тапшырат, ошентип, сени түрмөгө отургузуп коюшат.

    5:26 Сага чындыкты айтып коёюн, акыркы кодрантыңды бермейинче, ал жерден чыкпайсың.

    Жетинчи осуят

    5:27 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Ойноштук кылба”, – деп айтылганын уккансыңар.

    5:28 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот.

    5:29 үгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы.

    5:30 үгерде оң колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чаап, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы.

    Ажырашуу жөнүндө

    5:31 Дагы мындай деп айтылган: “Ким аялын кетире турган болсо, ага талак кат жазып берсин”.

    5:32 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.

    Ант жөнүндө

    5:33 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Антты бузба. Теңирдин алдында берген антыңды аткар”, – деп айтылганын да уккансыңар.

    5:34 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: үч качан ант бербе; асманды оозанып ант бербе, анткени ал – Кудайдын тактысы.

    5:35 Жерди оозанып да ант бербе, анткени ал – Анын бут коёр жери. Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал – улуу Падышанын шаары.

    5:36 Башыңды оозанып да ант бербе, анткени бир да тал чачыңды ак же кара кыла албайсың.

    5:37 “Ооба” деп айтуу керек болсо, “ооба” дегиле; “жок” деп айтуу керек болсо, “жок” дегиле. Ал эми булардан башкасы амалкөйдөн.

    Душманды сүйүү менен жеңүү

    5:38 Силер: “Көзгө көз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыңар.

    5:39 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер.

    5:40 Сени менен соттошуп, көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер.

    5:41 Сени өзү менен бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган адам менен эки чакырым жол жүр.

    5:42 Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба.

    5:43 “Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр”, – деп айтылганын уккансыңар.

    5:44 Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла.

    5:45 Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат.

    5:46 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи.

    5:47 үгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи.

    5:48 Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск