Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Тоодогу насааттын уландысы.Динчилдикти айыптоо

    6:1 Адилеттүү иштериңерди адамдарга көрүнүш үчүн кылуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар.

    6:2 Ошондуктан кайыр берип жатканыңда, элге жарыялаш үчүн, сурнай тартпа. эки жүздүү адамдар элден атак алыш үчүн, синагогаларда, көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

    6:3 Ал эми сен кайыр берип жатканыңда, оң колуң сол колуңдун эмне кылып жатканын билбесин.

    6:4 Кайырды жашыруун бер. Жашыруун кылынганын көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

    6:5 үки жүздүүлөргө окшоп сыйынбагын. Алар адамдарга көрүнүш үчүн, синагогаларда жана көчөлөрдүн бурч-бурчтарында туруп алып сыйынганды жакшы көрүшөт. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

    6:6 Ал эми сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

    6:7 Бутпарастарга окшоп ашык сөздөрдү айтып сыйынбагыла. Себеби алар: “Көп сүйлөсөк, сыйынуубуз угулат”, – деп ойлошот.

    Сыйынуу жөнүндө

    6:8 Ошондуктан алардай болбогула, анткени эмнеге муктаж экениңерди Атаңар сурай элегиңерде эле билет.

    6:9 Силер болсо мындай сыйынгыла: “Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун.

    6:10 Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын.

    6:11 Бизге күнүмдүк наныбызды бер.

    6:12 Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр.

    6:13 Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта. Анткени Падышачылык да, күч да, даңк да түбөлүккө Сага таандык. Оомийин”.

    6:14 үгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет.

    6:15 үгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт.

    Орозо жөнүндө

    6:16 Ошондой эле орозо кармаганыңарда, эки жүздүүлөргө окшоп кабагыңарды салбагыла. Алар өздөрүнүн орозо кармап жатканын адамдарга көрсөтүш үчүн, кабагын бүркөп алышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

    6:17 Ошентип, сен өзүңдүн орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн Атаңа көрсөтүш үчүн,

    6:18 башыңды майлап, бетиңди жуу. Жашыруун орозо кармаганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

    Байлык жөнүндө

    6:19 Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар эйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет.

    6:20 Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар эйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт.

    6:21 Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.

    6:22 Дененин чырагы – көз. эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот.

    6:23 үгерде көзүң жаман болсо, анда бүт денең караңгы болот. эгерде сендеги жарык караңгы болсо, анда ал кандай коркунучтуу караңгылык!

    6:24 үч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар.

    Түйшүк тартпоо жөнүндө

    6:25 Ошондуктан силерге айтарым: “үмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “үмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!

    6:26 Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!

    6:27 Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?

    6:28 Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт.

    6:29 Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес.

    6:30 Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!

    6:31 Ошондуктан: “үмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “үмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла.

    6:32 Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет.

    6:33 Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.

    6:34 Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск