Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Тоодогу насааттын уландысы. Башка бирөөлөрдү айыптабоо жөнүндө

    7:1 Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар.

    7:2 Кандай айыптасаңар, силер да ошондой айыпталынасыңар. Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнөт.

    7:3 үмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң?

    7:4 өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: “Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айтасың?

    7:5 үки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып таштоо керектигин билесиң.

    7:6 Ыйык нерсени иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла. Болбосо алар аны тебелеп-тепсеп, анан кайрылып келип, силерди тытып таштайт.

    Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла

    7:7 Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.

    7:8 Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат.

    7:9 Араңарда нан сураган уулуна таш берген адам барбы?

    7:10 Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы?

    7:11 Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык.

    7:12 Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла. Анткени мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну эйрөтөт.

    үки жол

    7:13 Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп.

    7:14 Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз.

    Жалган окутуучулардан сак болуу

    7:15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар – жырткыч карышкырлар.

    7:16 Аларды жемиштеринен билип аласыңар. Тикенектен жүзүм, уйгактан анжыр жыйнабайт да!

    7:17 Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет.

    7:18 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт.

    7:19 Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.

    7:20 Демек, аларды жемиштеринен билип аласыңар.

    7:21 Мени “Теңир! Теңир!” дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет.

    7:22 Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?” – дешет.

    7:23 Ошондо Мен аларга: “Мен силерди үч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп айтамын.

    үки негиз

    7:24 Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош.

    7:25 Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал эйдү каптады. Бирок эй кулаган жок, анткени ал эй таштын үстүнө курулган эле.

    7:26 Ал эми ким Менин ушул сөздөрүмдү укса, бирок аткарбаса, ал үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош.

    7:27 Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал эйдү каптады. Ошондо эй кулап, чоң кыйроого учурады».

    7:28 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң калды.

    7:29 Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск