Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Пес оорулуу адамдын айыгуусу

    8:1 Ыйса тоодон түшкөндө, көп эл Аны эүрчиди.

    8:2 Ошондо бир пес оорулуу Ага жакын келип, таазим кылды да: «Теңир! эгерде кааласаң, мени таза кыла аласың», – деди.

    8:3 Ыйса ага колун тийгизип: «Каалайм, таза бол!» – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

    8:4 Анан Ыйса ага: «үч кимге айтпагын! Баргын да, ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, Муса буйруган курмандыкты чал, бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деди.

    Капернаумдук жүз башынын кулунун айыгуусу

    8:5 Ыйса Капернаум шаарына келгенде, бир жүз башы Ага жакын келип:

    8:6 «Теңир! Єйдө менин кулум катуу ооруп, кыйналып жатат», – деп, Андан жардам сурады.

    8:7 Ошондо Ыйса ага: «Мен барып, аны айыктырамын», – деди.

    8:8 Бирок жүз башы мындай деди: «Теңир! Єйүмө кирүэңө мен татыксызмын. Сен бир ооз сөз айтсаң эле, менин кулум айыгат.

    8:9 Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок менин кол астымда да аскерлер бар. Алардын бирине: “кет”, – десем, кетет; дагы бирине: “кел”, – десем, келет; кулума: “муну кыл”, – десем, кылат».

    8:10 Муну угуп таң калган Ыйса өзүнүн артында келе жаткандарга мындай деди: «Мен силерге чындыкты айтып коёюн, Ысрайыл жеринен да мындай ишенимди таппадым.

    8:11 Силерге айтып коёюн, чыгыш менен батыштан көптөр келип, Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге болушат.

    8:12 Ал эми Падышачылыктын уулдары сырттагы караңгылыкка ыргытылат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот».

    8:13 Анан Ыйса жүз башыга: «Бара бер, сен ишенгендей болсун», – деди. Кул ошол замат айыкты.

    Ыйсанын Петирдин кайын энесин айыктырышы

    8:14 Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жатканын көрдү.

    8:15 Ыйса өзүнүн колун анын колуна тийгизери менен, ал ысытма оорусунан айыгып калды. Анан ал аял туруп, Ага кызмат кыла баштады.

    8:16 Кеч киргенде, Ыйсага жин оорусуна чалдыккан көп кишини алып келишти. Сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, Ал бардык оорулууларды айыктырды.

    8:17 Бул Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздүн аткарылышы үчүн болду: «Ал биздин кеселдерибизди өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти».

    8:18 Ыйса өзүнүн тегерегиндеги элди көргөндө, шакирттерине көлдүн наркы өйүзүнө сүзүп өтүүнү буйруду.

    Ыйсанын артынан эүрчүү

    8:19 Ошондо Ага бир мыйзам окутуучу келип: «Устат! Кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.

    8:20 Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жери жок», – деди.

    8:21 Шакирттердин бири Ага: «Теңир! Адегенде атамдын сөөгүн коюп келейин, мага уруксат бер», – деди.

    8:22 Бирок Ыйса ага: «Менин артымдан эүрчи. өлүктөр өлгөн адамдарын өздөрү коюп алышсын», – деди.

    Ыйсанын толкунду токтотуусу

    8:23 Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү.

    8:24 Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады. Ыйса болсо уктап жаткан эле.

    8:25 Шакирттери Ага келип: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», – деп, Аны ойготушту.

    8:26 Ошондо Ыйса аларга: «үмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» – деди да, ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду.

    8:27 Адамдар: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» – деп таң калышты.

    Ыйсанын жиндерди кууп чыгуусу

    8:28 Ыйса көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келгенде, Аны мүрзөлүк үңкүрлөрдүн ичинен жин оорулуу эки адам тосуп чыкты. Алар аябай жаалдуу болгондуктан, бул жолдон үч ким өтө алчу эмес.

    8:29 Анан алар: «Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» – деп кыйкыра башташты.

    8:30 Алардан анча алыс эмес жерде чочколор жайылып жүргөн эле.

    8:31 Жиндер Ыйсадан: «үгерде Сен бизди кууп чыгара турган болсоң, анда бизди чочколорго жиберчи», – деп өтүнүштү.

    8:32 Ыйса аларга: «Баргыла!» – деди. Алар бул адамдардын ичинен чыгып, чочколорго киришти. Ошондо чочколор тик жардан көлгө кулап, сууга чөгүп өлүштү.

    8:33 Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарга кирип, болгон окуяны айтып беришти, жин оорулуу адамдар жөнүндө да айтышты.

    8:34 Ошондо шаардын бүт эли Ыйсаны утурлап чыкты. Аны көргөндө, алар Андан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн өтүнүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск