Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Ыйсанын шал оорулуу адамды айыктырышы

    9:1 Ошондо Ыйса кайыкка түшүп, кайра өз шаарына сүзүп келди.

    9:2 Бул жерден Ага төшөктө жаткан шал оорулуу бир адамды алып келишти. Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулууга: «Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

    9:3 Ошондо мыйзам окутуучулардын күү бирөөлөрү: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат», – деп ойлошту.

    9:4 Ыйса алардын оюн билип: «үмне үчүн жаман ойлоп жатасыңар?

    9:5 “Күнөөлөрүң кечирилди” деп айткан оңойбу, же “Ордуңдан туруп, бас” деп айткан оңойбу?

    9:6 Бирок силер Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн», – деди да, – шал оорулууга: «Ордуңдан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

    9:7 Ал ордунан туруп, төшөгүн алды да, үйүн көздөй жөнөдү.

    9:8 Муну көргөн эл аябай таң калып, адамдарга ушундай бийлик берген Кудайды даңктады.

    Ыйсанын Матайды чакырышы

    9:9 Ыйса ал жерден өтүп бара жатып, бажыкананын жанында отурган Матай деген адамды көрүп, ага: «Менин артымдан эүрчи», – деди. Ал ордунан туруп, Ыйсанын артынан жөнөдү.

    Ыйсанын салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанышы

    9:10 Ыйса Матайдын үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип, Ыйса жана Анын шакирттери менен бир дасторконго отурушту.

    9:11 Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: «үмне үчүн силердин Устатыңар салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?» – дешти.

    9:12 Муну уккан Ыйса аларга: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек.

    9:13 Баргыла да, “Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм” деген сөздүн мааниси эмне экенин билип алгыла. Анткени Мен тобо кылууга адилеттүүлөрдү эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим», – деди.

    Орозо жөнүндө

    9:14 Ошондо Жакандын шакирттери келип, Ыйсадан: «Фарисейлер да, биз да орозону көп кармайбыз, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?» – деп сурашты.

    9:15 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Күйөө менен чогуу отурганда, тойдогулар капаланышмак беле? Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр да келет, алар ошондо орозо кармашат.

    Кийим жана чанач жөнүндө элгү-насаат аңгемелер

    9:16 үч ким эски кийимге жаңы кездемеден жамачы салбайт. Анткени жаңы салынган жамачы эски кийимден сөгүлүп, жыртык мурункудан да чоң болуп калат.

    9:17 Ошондой эле жаңы шарапты эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлүп, чанач жараксыз болуп калат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куят, ошондо экөө тең сакталат».

    Ыйсанын оорулуу аялды айыктырышы жана Жайырдын кызын тирилтиши

    9:18 Ыйса аларга ушуну айтып жатканда, бир башчы келип, Ага таазим кылды да: «Менин кызым өлүм алдында жатат. Бирок Сен келип, анын үстүнө колуңду койсоң, ал тирүү калат», – деди.

    9:19 Ошондо Ыйса шакирттери менен бирге анын артынан жөнөдү.

    9:20 Ошол маалда он эки жылдан бери кан агуудан кыйналып жүргөн бир аял арт жагынан келип, Ыйсанын кийиминин этегине колун тийгизди.

    9:21 Ал аял: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгып калам», – деп ойлогон эле.

    9:22 Ыйса артына бурулуп, аны көргөндө: «Коркпо, кызым! Сени ишенимиң куткарды», – деди. Аял ошол замат айыгып калды.

    9:23 Башкаруучунун үйүнө келгенде, Ыйса чоор тарткандарды жана дүрбөлөңгө түшкөн элди көрүп, аларга: «Бул жерден чыккыла!

    9:24 Кыз өлгөн жок, уктап жатат», – деди. эл Аны шылдыңдап күлдү.

    9:25 үлди чыгарып жибергенден кийин, Ыйса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармап тургузду. Кыз турду.

    9:26 Ошондо бул кабар ошол аймактагы элдин баарына тарады.

    үки сокурдун жана жин оорулуу дудуктун айыгышы

    9:27 Ыйса ал жерден өтүп бара жатканда, эки сокур Аны: «Ыйса, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл!» – деп кыйкыра эүрчип алышты.

    9:28 Ыйса эйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса алардан: «Жардам бере аларыма ишенесиңерби?» – деп сурады. Алар Ага: «Ооба, Теңир!» – деп жооп беришти.

    9:29 Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип: «Ишенимиңерге жараша болсун», – деди.

    9:30 Алардын көздөрү көрүп калды. Ыйса аларга: «Бул жөнүндө үч ким билбесин», – деп, катуу эскертти.

    9:31 Алар болсо ал жерден чыгышты да, ошол аймактагылардын баарына Ыйса жөнүндө жайып жиберишти.

    9:32 Алар чыгып бара жатышканда, Ыйсага жин оорулуу бир дудук адамды алып келишти.

    9:33 Ыйса жинди кууп чыгаргандан кийин, дудук сүйлөй баштады. Ошондо эл: «Ысрайыл жеринде мындай нерсе үч качан болгон эмес», – деп, таң калып жатты.

    9:34 Фарисейлер болсо: «Жиндерди Ал жин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

    Кызматчы сурап сыйынуу

    9:35 Ыйса бардык айыл-кыштактарды жана шаарларды аралап, синагогаларда элди окутуп, Падышачылык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып, ар түрдүү оорулардан, ар кандай кеселдерден айыктырып жүрдү.

    9:36 үлди көрүп, Ыйсанын боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле.

    9:37 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Түшүм көп, бирок жумушчулар аз.

    9:38 Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнуна жалынгыла, Ал өз түшүмүн жыйнаганга жумушчуларды жиберсин».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск