Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Ыйсанын он эки шакиртин кызматка жибериши

    10:1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар түрдүү ооруларды, ар кандай кеселдерди айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди.

    10:2 Он эки элчинин ысымдары мындай: Петир деген да ысым коюлган Шымон жана анын бир тууганы Андрей, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан,

    10:3 Филип жана Барталамей, Томас жана салык жыйноочу Матай, Алпей уулу Жакып жана Тадай деген да ысымы бар Леби,

    10:4 кааналык Шымон жана Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.

    10:5 Он эки шакиртин жиберип жатып, Ыйса мындай буйрук берди: «Бутпарастардын жерине барбагыла, самариялыктардын шаарларына кирбегиле.

    10:6 Адегенде Ысрайыл элинин адашкан койлоруна баргыла.

    10:7 Барганыңарда, Асман Падышачылыгынын жакындаганын жарыялагыла.

    10:8 Оорулууларды, пес оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, жиндерди кууп чыгаргыла. Бекер алдыңарбы, бекер бергиле.

    10:9 Белиңерге алтын да, күмүш да, жез тыйын да түйүп албагыла.

    10:10 Жолго түйүнчөк да, эки сыйра кийим да, чарык да, таяк да албагыла. Анткени эмгектенген адам ичип-жегенге акылуу.

    10:11 Кайсы гана шаарга же кыштакка барбагыла, ал жерден ылайыктуу бирөөнү сураштырып таап, кеткениңерче, ошонукунда калгыла.

    10:12 Єйгө киргенде, саламдашып: “Бул эйгө тынчтык келсин!” – дегиле.

    10:13 үгерде ал эйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет. эгерде татыктуулар жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет.

    10:14 Ал эми ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал эйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күүп койгула.

    10:15 Силерге чындыкты айтып коёюн, сот күнү ал шаарга караганда Содом менен Амор шаарларына жеңилирүүк болот.

    10:16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду коё берген сыяктуу жиберип жатамын. Ошондуктан жыландай акылдуу, көгүчкөндөй жөнөкөй болгула.

    10:17 Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди сотко беришет жана синагогаларында уруп-сабашат.

    10:18 Мен үчүн силерди башчылардын жана падышалардын алдына алып барышат. Ошентип, силер аларга жана бутпарастарга Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр.

    10:19 Силерди кармап беришкенде, “үмнени айтабыз, кантип айтабыз?” деп тынчсызданбагыла. эмнени айтуу керек болсо, ошол учурда силерге берилет.

    10:20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт.

    10:21 Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт.

    10:22 Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат.

    10:23 Силерди бир шаардан кубалашса, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып коёюн, силер Ысрайылдын бардык шаарларын айланып чыкканыңарча эле, Адам Уулу келип калат.

    10:24 Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес.

    10:25 Шакиртке өзүнүн устатындай, кулга өзүнүн кожоюнундай болуу жетиштүү. эгерде эй эүсин Белзебул дешсе, анда эйдөгүлөрүнө андан бетер жаман айтышпайбы!

    10:26 Ошондуктан алардан коркпогула. Анткени ачылбай калчу жашыруун үч нерсе жок, билинбей калчу үч бир сыр жок.

    10:27 Силерге караңгылыкта айтканымды силер жарыкта айткыла. Акырын айтканымды там үстүнөн жарыялагыла.

    10:28 Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула.

    10:29 үки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт.

    10:30 Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу.

    10:31 Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.

    10:32 Ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм.

    10:33 Ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Мен да асмандагы Атамдын алдында андан баш тартам.

    10:34 Мени жер үстүнө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен тынчтык эмес, кылыч алып келдим.

    10:35 Анткени Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим.

    10:36 Адамдын душманы – өз үйүндөгүлөрү.

    10:37 Ким атасын же энесин Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес. Ким уулун же кызын Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес.

    10:38 Ким Мени өз айкаш жыгачын алып эүрчибесе, ал Мага татыктуу эмес.

    10:39 Ким өз жанын аяса, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

    10:40 Ким силерди кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ким Мени кабыл алса, ал Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот.

    10:41 Ким пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алса, ал пайгамбардыкындай сыйлык алат. Ким такыбааны такыбаа катары кабыл алса, ал такыбааныкындай сыйлык алат.

    10:42 Ким Менин ушул жөнөкөй шакирттеримдин бирине, ал Менин шакиртим болгону үчүн, бир чөйчөк муздак суу берсе, силерге чындыкты айтып коёюн, ал сыйлыксыз калбайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск