Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Чөмүлдүрүүчүнүн суроосу, Ыйсанын жообу

    11:1 Ыйса өзүнүн он эки шакиртине акыл-насаат айткандан кийин, элди окутуу үчүн, башка шаарларга жөнөп кетти.

    11:2 Түрмөдө жаткан Жакан Машайактын иштери жөнүндө укканда, шакирттерин жиберип,

    11:3 Андан: «Келиши керек болгон Сенсиңби же башканы күтөлүбү?» – деп суратты.

    11:4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Баргыла да, уккан-көргөнүңөрдү Жаканга айтып бергиле.

    11:5 Сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга Жакшы Кабар айтылып жатат.

    11:6 Менден шектенбеген адам бактылуу».

    Ыйсанын чөмүлдүрүүчү жөнүндө күбөлөндүрүүсү

    11:7 Жакандын шакирттери кеткенден кийин, Ыйса элге Жакан жөнүндө айта баштады: «үэн талаага эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы?

    11:8 Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат баалуу кийим кийген адамдыбы? Кымбат баалуу кийим кийгендер хан сарайларда болот эмеспи!

    11:9 Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коёюн, ал пайгамбардан да чоң.

    11:10 Анткени “Мына, Мен Сенден мурун өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт” деген сөз ошол жөнүндө жазылган болчу.

    11:11 Силерге чындыкты айтып коёюн, аял затынан төрөлгөндөрдүн арасында чөмүлдүрүүчү Жакандан чоңу болгон эмес. Бирок Асман Падышачылыгындагылардын эң кичинеси андан чоң.

    11:12 Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар эү болушат.

    11:13 Анткени пайгамбарлардын китептеринде жана мыйзамда Жаканга чейин эле алдын ала айтылып келген.

    11:14 үгерде кабыл алгыңар келсе, келиши керек болгон Илияс ошол.

    11:15 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!

    11:16 Бул муунду кимге окшоштурсам экен? Бул муун көчөдө отуруп алып, өздөрүнүн досторуна:

    11:17 “Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз силерге муңдуу ырларды ырдап бердик, бирок силер боздоп ыйлаган жоксуңар”, – деп кайрылган балдарга окшош.

    11:18 Анткени Жакан келди, ал жебейт, ичпейт. Ал жөнүндө: “Анын ичинде жин бар”, – деп айтып жатышат.

    11:19 Адам Уулу келди, Ал жейт, ичет. Ал жөнүндө: “Ал тамак жегенди, шарап ичкенди жакшы көрөт, салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен дос”, – деп айтып жатышат. Акылмандуулук өз иштери менен акталды».

    Ыйсанын тобо кылбаган шаарларды айыптоосу

    11:20 Ыйса кайсы шаарларда өзүнүн кереметтерин көп көрсөтсө, ошол шаарларды тобо кылышпагандыгы үчүн айыптай баштады:

    11:21 «Хоразин, сага кайгы! Бетсайида, сага кайгы! эгерде силерде көрсөтүлгөн кереметтер Тир менен Сидондо көрсөтүлсө, анда алар эчак эле зумбал кийип, күлгө отуруп, тобо кылышмак.

    11:22 Бирок силерге айтып коёюн, сот күнүндө силерге караганда, Тир менен Сидонго жеңилирүүк болот.

    11:23 Ал эми сен, Капернаум, асманга көтөрүлмөкчүсүңбү? Сен өлгөндөр жаткан жайга чейин төмөн түшөсүң. эгерде сенде көрсөтүлгөн кереметтер Содомдо көрсөтүлгөн болсо, анда ал бүгүнкү күнгө чейин бар болмок.

    11:24 Бирок силерге айтып коёюн, сот күнүндө бул шаарга караганда, Содомго жеңилирүүк болот».

    Атаны даңктоо

    11:25 Ыйса сөзүн андан ары улантып, мындай деди: «Ата, асман менен жердин Теңири! Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм!

    11:26 Ооба, Ата! Анткени Сенин тилегиң ушундай болчу.

    11:27 Мага бардыгын Атам берген. Уулду Атадан башка үч ким билбейт. Атаны Уулдан башка жана Уул кимдерге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка үч ким билбейт.

    Ыйсанын чарчап-чаалыккандар менен түйшүк тарткандарды өзүнө чакыруусу

    11:28 Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем.

    11:29 Менин моюнтуругумду алып, Менден эйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар.

    11:30 Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск