Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 110

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    110-ЗАБУР

    Теңирден коркуу жөнүндө

    110:1 Теңирди даңктагыла. Теңирим, мен Сени чын жүрөгүм менен адил адамдардын кеңешмесинде жана жыйындарда даңктайм.

    110:2 Теңирдин иштери улуу, Анын иштерин сүйгөндөрдүн бардыгына алар суктанарлык.

    110:3 Анын иши – даңк жана сулуулук, Анын адилеттиги түбөлүктүү.

    110:4 Ал өзүнүн кереметтерин унутулгус кылып койгон. Теңир ырайымдуу жана боорукер.

    110:5 Теңир өзүнөн корккондорго тамак берет. өз келишимин түбөлүккө унутпайт.

    110:6 Бутпарастардын мурасын өз элине берүү үчүн, ага өз иштеринин күчүн көрсөттү.

    110:7 Анын колунун иштери – чындык жана акыйкаттык. Анын осуяттары туура,

    110:8 кылымдан кылымга бекем турат, чындык менен адилеттикке негизделген.

    110:9 Ал өз элине куткаруу жөнөттү. өз келишимин түбөлүккө сактаганга берди. Анын ысымы ыйык жана коркунучтуу!

    110:10 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Анын буйруктарын аткаруучулардын баары акылдуу. Даңк Ага түбөлүккө таандык.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск