Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 135

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    135-ЗАБУР

    Ыраазычылык билдирүү ыры

    135:1 Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:2 Кудайлардын Кудайын даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:3 Бийлик кылуучулардын Теңирин даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:4 Улуу кереметтерди жалгыз өзү жасаган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:5 Ааламды акылмандык менен жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:6 Жерди суу үстүнө орноткон Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:7 Чырактарды жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:8 Күндү башкарсын деп, Күндү жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:9 Түндү башкарсын деп, айды жана жылдыздарды жараткан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:10 Мисирдин тунгучтарын кырган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:11 Ысрайылды Мисирден алып чыккан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:12 Сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыккан Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:13 Кызыл деңизди экиге бөлгөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:14 Ысрайыл элин деңиздин ортосунан алып өткөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:15 Фараонду жана анын аскерлерин Кызыл деңизге чөктүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:16 өз элин чөл аркылуу алып өткөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:17 Улуу падышаларды жазалаган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:18 Күчтүү падышаларды өлтүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:19 Амор падышасы Сихонду өлтүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:20 Башан падышасы Огду өлтүргөн Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:21 Алардын жерин өз элине мураска берген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:22 Алардын жерин өз кулу Ысрайылга мураска берген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:23 Бизди кордолуп турганыбызда үстеген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:24 Бизди душмандарыбыздан куткарган Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:25 Ар бир тирүү жанга азык берген Кудайды даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    135:26 Асман Кудайын даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск