Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 140

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    140-ЗАБУР

    Мыйзамсыздардан сактоосун сурап Кудайга сыйынуу

    140:1 Дөөттүн забуру. Теңир! Сени чакырам, мага тез кел. Сени чакырганымда, менин жалынган үнүмө кулак сал.

    140:2 Менин сыйынуум Сенин алдыңда фимиамдай болсун, жогору көтөргөн колдорум кечки курмандыктай болсун.

    140:3 Теңирим, менин оозума сакчы кой, оозумдун каалгасын кайтар.

    140:4 Мыйзамсыз иш кылган адамдар менен бирге жаман иштерге барбашым үчүн, жүрөгүмдүн жамандыкка бурулуусуна жол бербе, алардын чүйгүн тамактарынан даам татпайын.

    140:5 Мени адил адам жазаласын, бул – ырайым. Мени ашкерелесин, бул – менин башыма зыянын тийгизбеген эң жакшы зайтун майы. Мен жамандык кылгандарга каршы сыйынам.

    140:6 Аска-зоону аралап, издеп жүргөн алардын башчылары менин жагымдуу сөздөрүмдү угуп жатышат.

    140:7 Биздин сөөктөрүбүз майдаланган топурактай болуп, өлгөндөр жаткан жайдын оозунда чачылып жатат.

    140:8 Бирок менин көздөрүм Сенде, Теңирим, Теңирим. Сага таянам, менин жанымды өлүмгө кыя көрбө!

    140:9 Мыйзамсыздардын мага койгон тузагынан, жайган торлорунан сакта.

    140:10 Кудайсыздар өз торлоруна өздөрү түшсүн, ал эми мен түшпөй өтүп кетем.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск