Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 145

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    145-ЗАБУР

    Кудайдан эмүттөнгөндөр бактылуу

    145:1 Теңирди даңктагыла. Жаным, Теңирди макта.

    145:2 Теңирди өмүрүм өткөнчө мактайм. Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңктап ырдайм.

    145:3 Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт.

    145:4 Анын руху чыгат, ошондо ал кайра топурак болуп калат. Ошол күнү анын ойлору ойрон болот.

    145:5 Жакыптын Кудайы жардам берүүчүсү болгон, эмүтү Кудай-Теңиринде болгон адам бактылуу.

    145:6 Ал – асман менен жерди, деңизди жана анын ичиндегилерди жараткан, ишенимдүүлүктү түбөлүккө сактаган,

    145:7 кор болгондорго адилеттик кылган, ачкаларга нан берген Кудай-Теңир. Теңир туткундарды бошотот.

    145:8 Теңир сокурлардын көзүн ачат, кулагандарды тургузат; Теңир адил адамдарды сүйөт.

    145:9 Теңир келгиндерди сактайт, жетим менен жесирге жардам берет, ал эми кудайсыздардын жолун бузат.

    145:10 Теңир түбөлүккө падышачылык кылат. Сион, сенин Кудайың түбөлүктүү. Теңирди даңктагыла!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск