Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 144

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    144-ЗАБУР

    Даңктоо ыры

    144:1 Дөөттүн даңктоосу. өзүңдү даңазалайм, Теңирим, Кудайым, Падышам, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайм.

    144:2 Сени күн сайын даңктайм, Сенин ысымыңды түбөлүк мактайм.

    144:3 Теңир улуу жана мактоого татыктуу, Анын улуулугу акыл жеткис.

    144:4 Бир муун бир муунга Сенин иштериңди мактайт, Сенин күчүңдү жарыя кылат.

    144:5 Ал эми мен Сенин улуулугуң, улуу даңкың жана кереметтүү иштериң жөнүндө жар салам.

    144:6 Сенин коркунучтуу иштериңдин күчү жөнүндө айтышат, Сенин улуулугуң жөнүндө болсо мен жарыя кылам.

    144:7 Сенин кең пейилдигиңди унутпай жар салышат, Сенин адилеттигиңди даңктап ырдашат.

    144:8 Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер.

    144:9 Теңир бардык адамдарга жакшылык кылат, өзү жараткандарынын бардыгына кайрымдуулук кылат.

    144:10 Теңирим, Сени өзүңдүн бардык иштериң даңктасын, Сени өзүңдүн ыйыктарың даңкташсын.

    144:11 Сенин падышачылыгыңдын даңкы жөнүндө жар салышсын, Сенин күчүң жөнүндө айтышсын.

    144:12 Адам баласы Сенин күчүңдү жана Сенин падышачылыгыңдын улуу даңкын билсин.

    144:13 Сенин падышачылыгың – түбөлүк падышачылык, Сенин бийлигиң муундан муунга.

    144:14 Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат.

    144:15 Бардыгы Сени карап, күтүп турушат; Сен аларга тамакты өз маалында бересиң.

    144:16 Колуңду ачып, кең пейилдигиң менен бардык тирүү жандарды тойгузасың.

    144:17 Теңир өзүнүн бардык жолунда адилет, өзүнүн бардык ишинде ишенимдүү.

    144:18 Теңир өзүн чакыргандардын бардыгына жакын, өзүн чын жүрөктөн чакыргандардын бардыгына жакын.

    144:19 Ал өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат, алардын зар-муңун угат, аларга жардам берет.

    144:20 Теңир өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт, ал эми кудайсыздардын баарын кырып жок кылат.

    144:21 Менин оозум Теңирди мактайт. Ар бир тирүү жан Анын ыйык ысымын түбөлүк даңктасын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск