Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 143

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    143-ЗАБУР

    Кайсы элдин Теңири Кудай болсо, ошол эл бактылуу

    143:1 Дөөттүкү. Колумду согушка, муштумумду урушка эйрөткөн менин аска-зоомо – Теңирге даңк!

    143:2 Теңир менин ырайым кылуучум, чебим, таянычым, Куткаруучум, калканым, мен Ага таянам. Ал мага элимди баш ийдирет.

    143:3 Теңирим! Сен көңүл бургудай, адам баласы ким? Адам жөнүндө ойлонгудай, адам ким?

    143:4 Адам желдей, анын күндөрү өтүп кетчү көлөкөдөй.

    143:5 Теңирим! Асманыңды жантайтып, жерге түш. Тоолорго колуң тийсе, алар түтөп кетет.

    143:6 Чагылган чартылдатып, душмандарды туш-тушка чачырат. өз жебелериңди жаадырып, аларды талкала.

    143:7 Жогорудан колуңду сунуп, мени куткар, мени чоң суулардан, бөтөн элдердин колунан сакта.

    143:8 Алардын ооздору жалганды сүйлөйт, алардын оң колу – жалгандыктын оң колу.

    143:9 Кудайым! Мен Сага жаңы ыр ырдап берем, мен Сага он кылдуу арфа чертип берем.

    143:10 Падышаларды куткарган, өз кулу Дөөттү жалаңдаган кылычтан куткарган Сага ырдайм.

    143:11 Мени куткар, бөтөн элдердин колунан сакта, алардын ооздору жалганды сүйлөйт, алардын оң колу – жалгандыктын оң колу.

    143:12 Уулдарыбыз жаш чагында дүркүрөп өскөн өсүмдүктөй болсун, кыздарыбыз ак сарайлардагы чеберлик менен кооздолгон мамылардай болсун.

    143:13 Кампаларыбыз толуп, ар кандай дан мол болсун. Койлорубуз миңдеп, түмөндөп төлдөп, жайыттарда жайылып жүрсүн.

    143:14 өгүздөрүбүз семиз болсун. үч нерсе таланып-тонолбосун, уурдалбасын, көчөлөрүбүздө ый болбосун.

    143:15 Кайсы элде ушундай болсо, ошол эл бактылуу. Кайсы элдин Теңири Кудай болсо, ошол эл бактылуу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск