Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-ЗАБУР

    Машайактын азап чегүүсү жана даңкы жөнүндө пайгамбарчылык

    21:1 Ырчылар тобунун башчысына. Таң атарда ырдоо үчүн. Дөөттүн забуру.

    21:2 Кудайым! Кудайым! Сен мени эмнеге таштап койдуң? Менин куткаруу сурап боздогон үнүм Сага жетпей жатат.

    21:3 Кудайым! Күндүз жалынсам да, Сенден мага жооп жок, түндө жалынсам да тынчтана албайм.

    21:4 Бирок Сен, Ыйык, Ысрайылдын даңктоо ырларынын арасында жашайсың.

    21:5 Биздин ата-бабаларыбыз Сага таянышкан, алар Сага таянышкандыктан, Сен аларды куткарып тургансың.

    21:6 Алар Сени чакырышкан, ошон үчүн куткарылышкан. Алар Сага таянышкан, ошон үчүн уятка калышкан эмес.

    21:7 Мен болсо адам эмес эле, курт болуп калдым. Адамдарга шылдың, элдерге жек көрүндү болдум.

    21:8 Мени карап тургандар баштарын чайкап, мындай деп шылдыңдап жатышат:

    21:9 «Ал Теңирге таянчу, Теңир аны куткарып алсын. эгер ал Теңирге жакса, анда аны куткарып алсын».

    21:10 Бирок Сен мени энемдин курсагынан чыгаргансың, эмчектеги кезимде эле өзүңө таянууну эйрөткөнсүң.

    21:11 энемдин ичинде жаткандан тартып эле, Сага тапшырылганмын, энемдин ичинен чыкканда эле, Сен менин Кудайым болчусуң.

    21:12 Менден алыстаба, анткени кайгы жакын, анткени жардам берүүчү жок.

    21:13 Көп букалар мени тегеректеп алышты, Башандын семиз өгүздөрү мени курчап алышты.

    21:14 Алар мага олжосуна жулунуп айкырган арстандай ооздорун ачышты.

    21:15 Мен суудай төгүлдүм, сөөктөрүм чачырап кетти, жүрөгүм момдой эриди.

    21:16 Күч-кубатым карападай кургады, тилим таңдайыма жабышты, Сен мени өлүм топурагына түшүрдүң.

    21:17 Анткени мени дөбөттөр курчап алышты, эки жүздүүлөрдүн тобу мени тегеректеп алышты, колу-бутумду тешишти.

    21:18 Менин бардык сөөктөрүм саналгыдай. Алар болсо мени карап, тамаша кылып жатышат.

    21:19 Чапанымды өз ара бөлүп алып жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат.

    21:20 Бирок, Теңирим, Сен менден алыстаба. Менин күч-кубатым, мага жардам бергенге шашыл.

    21:21 Жанымды кылычтан, өмүрүмдү дөбөттөрдөн сактап кал.

    21:22 Мени арстандын оозунан куткар, Сен мени уктуң. Буйволдун мүйүзүнөн куткар.

    21:23 Сенин ысымыңды бир туугандарыма айтып даңктаймын, элдин арасында бир өзүңдү мактаймын.

    21:24 Кудайдан корккондор! Аны мактагыла. Жакыптын бүт тукуму! Аны даңкта! Ысрайылдын бүт тукуму Анын алдында коркуп турсун!

    21:25 Анткени Ал азап тарткандын кайгысына назар салбай койгон жок, аны эсине албай койгон жок. Андан өз жүзүн жашырган жок, ал Аны чакырганда, аны укту.

    21:26 Чоң жыйында Сени даңктайм. Сенден корккондордун алдында Сага берген убадаларымды аткарам.

    21:27 Жардылар жесин, тойсун. Теңирди издегендер Аны даңкташсын, жүрөгүңөр түбөлүк жашасын!

    21:28 Теңирди үстеп, бүт жер жүзү Ага кайрылат. Бардык бутпарас элдер Сага таазим кылышат.

    21:29 Анткени падышачылык Теңирдики. Ал – бардык элдердин эгедери.

    21:30 Жер жүзүндөгү бардык атактуу адамдар тойлошот жана табынышат. Топуракка айлана тургандар, өз өмүрүн сактап кала албай тургандар Ага таазим этишет.

    21:31 Менин тукумум Ага кызмат кылат жана түбөлүккө Теңирдики деп аталат.

    21:32 Алар келип, Теңирдин адилеттигин, иштерин кийинки муунга жарыялашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск