Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-ЗАБУР

    Кудайдан жардам сурап сыйынуу

    27:1 Дөөттүн забуру. Сага кайрылып жатам, Теңир, менин тирегим! Мага жооп бербей койбо, эгерде Сен унчукпай койсоң, анда мен көргө түшкөн адамдай болуп калам.

    27:2 Мен Сени чакырганда, Сенин ыйык ийбадатканаңа колумду сунганда, жалынган үнүмдү уга көр.

    27:3 Мени кудайсыздар менен, адилетсиз иш кылгандар менен кошо өлтүрбө, алар жакындары менен жакшы эле сүйлөшүшөт, бирок жүрөктөрүндө жамандык.

    27:4 Аларга өздөрүнүн кылган иштерине жараша, жаман иштерине жараша бер. Аларга колдору менен кылган иштерине жараша бер, аларга өздөрүнүн тиешесин бер.

    27:5 Алар Теңирдин иш-аракетине, Анын колдору кылган иштерге көңүл бурушпагандыктан, Ал аларды талкалайт, кайра тургузбайт.

    27:6 Теңирге даңк, анткени Ал менин жалынган үнүмдү укту!

    27:7 Теңир менин күчүм, коргоочу чебим. Менин жүрөгүм Ага таянгандыктан, Ал мага жардам берди, ошондо жүрөгүм кубанычка толду. Мен Аны ырым менен даңктайм.

    27:8 Теңир – өз элинин күчү, өзүнүн майланганынын куткара турган Коргоочусу.

    27:9 өз элиңди куткар, өз мурасыңа батаңды бер. Аларды кайтар, кылымдан кылымга жогору көтөр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск