Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 82

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    82-ЗАБУР

    Душмандардан өч алуусун сурап Кудайга сыйынуу

    82:1 Ыр. Асаптын забуру.

    82:2 Кудай! Унчукпай тура бербе, сүйлөбөй тура бербе, Кудайым, тынч тура бербе!

    82:3 Анткени душмандарың чурулдап жатышат, Сени жек көргөндөр баштарын көтөрүштү.

    82:4 Сенин элиңе каршы жамандык издеп жатышат, өзүң сактагандарга каршы кеңешип жатышат.

    82:5 Алар: «Барып, аларды кырып салалы, Ысрайыл деген ысым мындан кийин эске алынгыс болсун», – деп айтышты.

    82:6 өз ара бир добуштан макулдашып, Сага каршы келишим түзүштү:

    82:7 үдомдуктар менен ысмайылдыктар, мааптыктар менен агрылыктар,

    82:8 Гебал, Амон, Амалык, Пелишти тургундары Тирдин тургундары менен келишим түзүштү.

    82:9 Ашур эли да аларга кошулду. Алар Лот уулдарына күч беришти.

    82:10 Мидианга, Сисрага жана Кишон суусунун жүүгинде Жабинге кандай кылсаң, аларга да ошондой кыл.

    82:11 Алар эйен-Дордо кырылып, жерге төгүлгөн кык болуп калышкан.

    82:12 Орейип менен Зейепке кандай кылсаң, аларга жана алардын төрөлөрүнө да ошондой кыл; Зебак менен Салмунга кандай кылсаң, алардын башчыларына да ошондой кыл.

    82:13 Алар: «Кудайдын элин басып алабыз», – дешкен.

    82:14 Кудайым! Алар куюн учурган топурактай, шамал учурган самандай болушсун.

    82:15 От токойду өрттөгөндөй, жалын тоолорду жалмагандай,

    82:16 Сен да аларды бороонуң менен куу, куюнуң менен дүрбөлөңгө сал.

    82:17 Аларды уятка калтыр, алар Сенин ысымыңды издешсин, Теңирим!

    82:18 Түбөлүккө уятка калышсын, коркуп калышсын, шылдың болушсун, кырылышсын.

    82:19 Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск