Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 83

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    83-ЗАБУР

    Теңир үйүндө болууну каалоо

    83:1 Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Корактын уулдарыныкы. Забур.

    83:2 Турак жайларың кандай сонун, Себайот Теңир!

    83:3 Теңирдин короосун көксөп, жаным аябай алсырады. Менин жүрөгүм да, денем да тирүү Кудайды даңктап ырдап жатат.

    83:4 Кудуреттүү Теңирим, Падышам, Кудайым, Сенин курмандык чалынуучу жайыңдын жанынан чымчык да өзүнө жай табат, чабалекей да балапандарын басып чыгарганга уя табат.

    83:5 Сенин үйүңдө жашагандар бактылуу, алар Сени тынбай мактап турушат.

    83:6 Күчтү Сенден алган, жүрөгү Сага бурулган адам бактылуу.

    83:7 Ый өрөөнү менен өтүп бара жатып, алар ал жерден булак ачышат. Жамгыр да ал өрөөнгө батасын төгөт.

    83:8 Алардын күчүнө күч кошулуп, Сиондогу Кудайдын алдына келишет.

    83:9 Теңир, Себайот Кудай! Менин сыйынуумду ук, Жакыптын Кудайы, мага кулак сал!

    83:10 Кудайыбыз, биздин коргоочубуз, бизге назарыңды сал! өзүңдүн майлаганыңдын жүзүн кара.

    83:11 Анткени Сенин корооңдо бир күн болуу миң күндөн артык. Мыйзамсыздардын үйүндө жашаганга караганда, Кудайдын үйүнүн улагасында болууну каалайм.

    83:12 Анткени Кудай-Теңир – күн жана калкан, Теңир ырайымын төгүп, даңкка бөлөйт. Таза жүргөндөрдү Ал жакшылыктан ажыратпайт.

    83:13 Себайот Теңир! Сага таянган адам бактылуу!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск