Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 85

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    85-ЗАБУР

    Кайгыга чөккөн күнү Кудайдан жардам сурап сыйынуу

    85:1 Дөөттүн забуру. Теңир, мага кулак сал, мени ук, анткени мен жардымын жана жакырмын.

    85:2 Жанымды сактап кал, анткени мен Сенин алдыңда коркуп турам. Кудайым, Сага таянган кулуңду куткар.

    85:3 Мага ырайым кыл, Теңирим, анткени мен Сени күн сайын чакырам.

    85:4 өз кулуңду кубандыр, анткени мен өзүмдүн жанымды Сенин алдыңа алып келем.

    85:5 Анткени Сен, Теңирим, ырайымдуусуң жана боорукерсиң, Сени чакыргандардын баарына көп жолу ырайым кыласың.

    85:6 Менин сыйынуумду ук, Теңир, менин жалынуума кулак сал.

    85:7 Кайгыга баткан күнү Сени чакырам, анткени Сен мени угасың.

    85:8 Кудайлардын арасында Сендей жок, Теңирим, Сенин иштериңдей иш жок.

    85:9 Сен жараткан элдердин баары Сенин алдыңа келип таазим кылышат, Теңирим, Сенин ысымыңды даңкташат.

    85:10 Анткени Сен улуусуң, кереметтерди жасайсың, Сен жалгыз Кудайсың.

    85:11 Сенин чындык жолуңда жүрүшүм үчүн, мени өз жолуңа сал, Теңирим. Сенин ысымыңдан коркуп турушум үчүн, жүрөгүмдү бекемде.

    85:12 Сени чын жүрөгүмдөн мактайм, Теңирим, Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктайм.

    85:13 Анткени Сен мага улуу ырайым көрсөттүң. Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайдын түпкүрүнөн куткарып алдың.

    85:14 Кудайым! Текеберлер мага каршы чыгышты, козголоңчулар тобу мени өлтүргүсү келип издеп жүрөт. Алар Сени үстерине алышпайт.

    85:15 Бирок Сен, Теңирим, Кудайым, кайрымдуусуң, ырайымдуусуң, чыдамдуусуң, абдан боорукерсиң, адилеттүүсүң.

    85:16 Мага назарыңды сал, мага ырайым кыл. өз кулуңа өз күчүңдү бер, өз күңэңдүн уулун куткар.

    85:17 Мага ырайым кылганыңды билдирген белги бер, мени жек көргөндөр көрүп, уятка калышсын, анткени Сен, Теңирим, мага жардам бердиң, мени соороттуң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск