Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Иштин жакшы башталып, жаман аякташы

    13:1 Дөөт миң башылар, жүз башылар, бардык жол башчылар менен кеңешип турган.

    13:2 Дөөт бүт ысрайылдыктарга мындай деди: «үгерде силер ылайык көрсөңөр, эгерде бул биздин Кудай-Теңирибиздин эркине туура келсе, бардык жерге, бүткүл Ысрайыл жеринде жашаган биздин калган бир туугандарыбызга, ошондой эле ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, алардын шаарларына, кыштактарына киши жиберип, аларды бул жерге чакыралы.

    13:3 Кудайыбыздын келишим сандыгын өзүбүзгө көчүрүп келели, анткени Шабулдун тушунда биз ага кайрылган жокпуз».

    13:4 Ошондо жыйналган элдин бардыгы: «Ошондой болсун», – дешти, анткени бул иш бардык элге туура көрүндү.

    13:5 Ошентип, Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден көчүрүш үчүн, Мисирдин Шихорунан тартып Хаматтын кире беришине чейин бардык ысрайылдыктарды чогултту.

    13:6 Кудайдын ысымы менен аталган, керуптардын үстүндө отурган Кудай-Теңирдин келишим сандыгын көчүрүп келиш үчүн, Дөөт менен бүткүл Ысрайыл Жүйүт аймагындагы Кирийат-Жейаримге жөнөдү.

    13:7 Алар Кудайдын келишим сандыгын жапжаңы арабага салып, Абынадаптын үйүнөн алып чыгышты. Уза менен Акия арабаны айдап бара жатышты.

    13:8 Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Кудай алдында болгон күчү менен ыр ырдап, лира тартып, арфа чертип, дап кагып, жез табак кагып, сурнай тартып бара жатышты.

    Келишим сандыгынын Абет-үдомдун үйүндө калтырылышы

    13:9 Алар Горен-Кидондун кырманына жеткенде, Уза келишим сандыгын кармап калыш үчүн, колун суна койду, анткени өгүздөр келишим сандыгын кыйшайтып жиберишкен эле.

    13:10 Ошондо Теңир Узага каарданды. Келишим сандыгына колун сунганы үчүн, аны өлтүрүп салды. Ал ошол жерде Кудай алдында өлдү.

    13:11 Теңир Узаны өлтүргөнү үчүн, Дөөт абдан кайгырды. Ал жерди Уза өлгөн жер деп атады. Ал жер бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.

    13:12 Ошол күнү Дөөт Кудайдан коркуп: «Кудайдын келишим сандыгын мен өзүмө кантип алып кетем?» – деди.

    13:13 Ошентип, Дөөт келишим сандыгын өзүнө – Дөөттүн шаарына алып кетпей, аны гаттык Абет-үдомдун үйүнө бурду.

    13:14 Кудайдын келишим сандыгы Абет-үдомдун үйүндө үч ай турду, Теңир Абет-үдомдун эй-бүлөсүнө, анда эмне болсо, ошонун бардыгына батасын берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск