Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Дөөт падышанын күчү жана байлыгы

    14:1 Тир падышасы Хирам Дөөткө эй куруп бериши үчүн, ага элчилери менен кедр жыгачтарын, таш жонуучуларды, жыгач усталарды жөнөттү.

    14:2 Ошондо Дөөт Теңирдин Ысрайылга падыша кылып бекемдегенин, өзүнүн эли Ысрайыл үчүн падышачылыгы жогору көтөрүлгөнүн билди.

    14:3 Ал Иерусалимде дагы бир нече аял алып, дагы уул-кыздуу болду.

    14:4 Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдарынын аттары мына булар: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,

    14:5 Жибхар, элишуа, элпелет,

    14:6 Нога, Непек, Жапия,

    14:7 үлишама, Белиада жана элипелет.

    14:8 Пелиштиликтер Дөөттүн бүткүл Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, түп көтөрүлө Дөөттү өлтүргөнү чыгышты. Дөөт муну укканда, алар менен согушканы жөнөдү.

    14:9 Пелиштиликтер Репа уулдарынын өрөөнүнө келип жайланышышты.

    14:10 Дөөт Кудайдан: «Пелиштиликтерге каршы барайынбы, аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир ага: «Бар, Мен аларды сенин колуңа салып берем», – деди.

    14:11 Алар Баал-Ператсимге бет алышты. Дөөт аларды ошол жерде талкалады. Ошондо Дөөт: «Кудай менин душмандарымды менин колум менен суу жарып киргендей талкалады», – деди. Ошондуктан бул жерди Баал-Ператсим деп аташты.

    14:12 Пелиштиликтер ошол жерге өз кудайларын таштай качышты. Дөөт буйрук берип, аларды өрттөтүп салды.

    14:13 Бирок пелиштиликтер кайрадан келип, өрөөнгө жайланышышты.

    14:14 Дөөт Кудайдан дагы сурады, Кудай ага мындай деди: «Аларга түз беттеп барба, аларды айланып өтүп, тыт дарактары тарабынан кир.

    14:15 Тыт дарактарынын үстүнөн басып келе жаткандай болгон дабышты укканыңда, согушка кир, анткени пелиштиликтердин кошуунун талкалаш үчүн, Кудай өзү сенин алдыңда чыккан болот».

    14:16 Дөөт Кудай буйругандай кылды. Алар пелиштиликтердин кошуунун Гибондон Гезерге чейин кыйратышты.

    14:17 Ошондо Дөөттүн ысымы бүт жер жүзүнө тарады. Теңир бардык элдерди Дөөттөн корко тургандай кылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск