Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Дөөттүн келишим сандыгын алып келүүнү буйрушу

    15:1 Дөөт өзүнө Дөөттүн шаарында үйлөрдү курду. Кудайдын келишим сандыгы үчүн жай камдап, ал үчүн жыйын чатырын тургузду.

    15:2 Ошондо Дөөт: «Кудайдын келишим сандыгын лебилерден башка үч ким көтөрүүгө тийиш эмес, анткени Теңир аларды Кудайдын келишим сандыгын көтөрүүгө, өзүнө кылымдар бою кызмат кылууга тандап алган», – деди.

    15:3 Ал келишим сандыгы үчүн өзү даярдап койгон жерге Кудайдын келишим сандыгын алып келиш үчүн, бардык ысрайылдыктарды Иерусалимге чогултту.

    15:4 Дөөт Арундун уулдарын жана лебилерди:

    15:5 Каат уулдарынан Уриел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз жыйырма кишини,

    15:6 Мераринин уулдарынан Асая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз жыйырма кишини,

    15:7 Гейиршондун уулдарынан Жоел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз отуз кишини,

    15:8 үлитсапан уулдарынан Шемая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз кишини,

    15:9 Хеброн уулдарынан элиел башчыны жана анын бир туугандарын – сексен кишини,

    15:10 Узиелдин уулдарынан Аминадап башчыны жана анын бир туугандарын – жүз он эки кишини чакырды.

    15:11 Дөөт ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарды, ошондой эле лебилерди: Уриелди, Асаяны, Жоелди, Шемаяны, элиелди жана Аминадапты чакырып алып, мындай деди:

    15:12 «Силер, леби урууларынын башчылары, өзүңөр да, бир туугандарыңар да ыйыкталгыла. Мен даярдап койгон жерге Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын алып келгиле.

    15:13 Анткени бул ишти мурункудай эле, силер кылбаганыңар үчүн, аны кантип алып келүүнү Теңирден сурабаганыбыз үчүн, бизди Кудай-Теңирибиз жазалады».

    15:14 Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын көтөрүп келиш үчүн ыйыкталышты.

    15:15 Теңирдин сөзү боюнча, Муса айткандай, лебилердин уулдары Кудайдын келишим сандыгын шыргыйларынан алып, ийинге салып, көтөрүп жөнөштү.

    15:16 Дөөт лебилердин башчыларына алардын ырчы бир туугандары музыкалык аспаптар менен, арфа чертип, лира тартып, жез табак кагып, катуу ырдап, элдин алдында турушун буйруду.

    15:17 Лебилер Жоелдин уулу эйманды, анын бир туугандарынан Берехиянын уулу Асапты, ал эми Мерари уулдарынан алардын бир туугандарын, Кушаянын уулу эйтанды коюшту.

    15:18 Алар менен кошо туугандары: Захарияны, Бенайды, Жаазиелди, Шемирамотту, Жехиелди, Унини, элийапты, Бенаяны, Маасеяны, Мататияны, элипейди, Микнеяны, Обейт-үдомду жана Жейелди коюшту. Булар дарбазачылар болушкан.

    15:19 үйман, Асап жана эйтан жез табактарды катуу кагышты.

    15:20 Захария, Азиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, элийап, Маасея жана Беная арфа чертип, бийик эн менен ырдашты.

    15:21 Мататия, элипей, Микнея, Обейт-үдом, Жейел жана Азазия болсо жоон эндүү арфа чертишти.

    15:22 Ал эми лебилердин башчысы Кенания ырчыларды эйрөтүүчү болчу, анткени ал бул иште машыккан чебер эле.

    15:23 Берехия менен элкана келишим сандыгынын жанында эшик кайтаруучулар болушту.

    15:24 Шебания, Жошапат, Натанаел, Амасай, Захария, Беная жана элиезер ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын келишим сандыгынын алдында сурнай тартып бара жатышты. Обейт-үдом менен Жехия мыйзам сандыктын жанында эшик кайтаруучулар болуп турушту.

    Келишим сандыгынын Дөөттүн шаарына көчүрүлүшү

    15:25 Ошентип, Дөөт, Ысрайыл аксакалдары жана миң башылар Теңирдин келишим сандыгын Обейт-үдомдун үйүнөн ыр-күү менен көчүрүп келгени жөнөштү.

    15:26 Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн лебилерге Кудай жардам берди. Ошондо жети букачарды жана жети кочкорду курмандыкка чалышты.

    15:27 Дөөт жана келишим сандыгын көтөргөн бардык лебилер, ырчылар, музыкалык аспаптарды чертүүчүлөр менен ырчылардын башчысы Кенания зыгыр буласынан токулган кийим кийишкен. Дөөттүн үстүндө зыгыр буласынан токулган эфод да бар эле.

    15:28 Ошентип, бүт Ысрайыл Теңирдин келишим сандыгын мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосу менен, салтанат менен алып киришти.

    15:29 Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, терезеден карап турган Шабулдун кызы Михал кубанычы койнуна батпай бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск