Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Кудайга салтанаттуу ийбадат кылуу.Дөөттүн келишим сандыгынын жанына ырчыларды дайындашы

    16:1 Алар Кудайдын келишим сандыгын алып келишип, аны Дөөт тургузган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалышты.

    16:2 Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалгандан кийин, элге Кудайдын ысымынан бата берди.

    16:3 Анан бардык ысрайылдыктарга, эркектерге жана аялдарга бирден нан, бир кесимден эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты.

    16:4 Ысрайылдын Кудай-Теңирин даңктап, ыр менен мактап, ыраазычылык билдирип туруш үчүн, Теңирдин келишим сандыгынын алдына лебилерди кызматка койду.

    16:5 Асапты башчы кылып койду. Арфа чертип, лира тартып туруш үчүн, экинчи катарга Захарияны, Жейелди, Шемирамотту, Жехиелди, Мататияны, элийапты, Бенаяны, Обейт-үдомду жана Жейелди койду. Жез табак кагып турушу үчүн Асапты койду.

    16:6 Ал эми ыйык кызмат кылуучулар Беная менен Жехазиелди Кудайдын келишим сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып туруу үчүн койду.

    Дөөттүн ыраазычылык билдирген забуру

    16:7 Ошол күнү Дөөт биринчи жолу Асапка жана анын бир туугандарына Теңирди даңктап ырдап туруш үчүн, бул забурду тапшырды:

    16:8 «Теңирди даңктагыла, Анын ысымын жар салгыла, Анын иштерин бүт элдерге жарыялагыла.

    16:9 Ага ырдагыла, Аны даңктагыла, Анын бардык кереметтери жөнүндө айткыла.

    16:10 Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Теңирди издегендердин жүрөгү кубансын.

    16:11 Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн тынымсыз издегиле.

    16:12 Ысрайыл тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары, силер,

    16:13 Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан өкүмдөрүн унутпагыла.

    16:14 Ал биздин Кудай-Теңирибиз. Анын өкүмдөрү бүт жер жүзүндө.

    16:15 Анын келишимин, Анын муундан муунга осуят кылган сөзүн унутпагыла.

    16:16 Ал сөз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.

    16:17 Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга түбөлүк келишим кылып берем.

    16:18 Ал: “Мен сага Канаан жерин мураска берем”, – деп айткан.

    16:19 Ошол убакта алардын саны аз, өтө эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.

    16:20 Алар бир элден бир элге, бир өлкөдөн бир өлкөгө барып жер кезишкен.

    16:21 Бирок Ал үч кимдин аларды кордоосуна жол берген эмес, алар үчүн падышаларды ашкере кылган:

    16:22 “Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла”.

    16:23 Бүт жер жүзү, Теңирге ырда, Анын куткаруусун күн сайын жарыялагыла.

    16:24 Анын даңкын бутпарастарга, кереметтерин жер жүзүндөгү бардык элдерге жарыя кылгыла.

    16:25 Анткени Теңир улуу жана мактоого татыктуу, бардык кудайлардан коркунучтуу.

    16:26 Анткени башка элдердин кудайлары – болбогон нерсе. Ал эми Теңир асманды жараткан.

    16:27 Даңк менен улуулук Анын алдында, кудурет жана кубаныч Ал турган жерде.

    16:28 Бүт элдер, Теңирге өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла.

    16:29 Теңирди даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла. Тартуу алып, Анын алдына баргыла, Ага өзүнүн ыйык жайында табынгыла.

    16:30 Бүт жер жүзү, Анын алдында титире, анткени Ал ааламды негиздеген, ал солк этпейт.

    16:31 Асман кубансын, жер шаттансын, элдер: “Теңир падышачылык кылып жатат!” – дешсин.

    16:32 Деңиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын. Талаа жана андагы бардык нерселер кубансын.

    16:33 Токойдогу дарактардын бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын, анткени Теңир жерди соттогону келе жатат.

    16:34 Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

    16:35 “Кудайыбыз, Куткаруучубуз, бизди куткар! Бизди чогулт, бизди башка элдерден куткар, биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы!” – дегиле.

    16:36 Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңкталсын!» Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – деди.

    16:37 Келишим сандыгынын алдында дайыма, ар күнү кызмат кылып туруш үчүн, Асапты жана анын бир туугандарын Дөөт ошол жерге калтырды.

    16:38 Обейт-үдомду жана анын бир туугандарын, алтымыш сегиз адамды калтырды. Жедутундун уулу Обейт-үдомду жана Хосаны дарбазачы кылып койду.

    16:39 Ал эми ыйык кызмат кылуучу Садок менен анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандарын Гибон дөңсөөсүндөгү Кудай үйүнүн алдына,

    16:40 курмандык чалынуучу жайда дайыма, ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөп туруу үчүн, Теңирдин Ысрайылга берген мыйзамында жазылгандын бардыгын аткарып туруш үчүн койду.

    16:41 Алар менен бирге эйманды, Жедутунду жана Теңирди даңктап туруш үчүн, аттары аталып, атайы дайындалган дагы башка тандалган адамдарды койду, анткени Теңирдин ырайымы кылымдардан кылымдарга!

    16:42 Алардын алдында эйман менен Жедутун сурнай тартып, жез табак кагып, ар түрдүү күү аспаптарды чертип, Кудайды даңктап турушту. Ал эми Жедутундун уулдарын дарбазанын алдына койду.

    16:43 Ошондон кийин бардык эл, ар ким өз үйүнө кайтты. Дөөт да өз эй-бүлөсүнө бата бериш үчүн кайтып келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск