Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Сыклакка, Дөөттүн жанына чогулган эр жүрөк адамдар

    12:1 Дөөт Сыклакта Киштин уулу Шабулдан жашынып жүргөн кезде, салгылашта ага жардам берүү үчүн келген эр жүрөк адамдар булар.

    12:2 Алар жаа менен куралданган, оң колу менен да, сол колу менен да таш ыргыткан, жаа тарткан адамдар болушкан. Алар – Бенжеминден тараган Шабулдун бир туугандары:

    12:3 эң башкысы – Акиезер, андан кийинкиси – Жааш, булар – гибалык Шемаянын уулдары. Азмабеттин уулдары Жезиел менен Пелет, анатоттук Берак менен Жейу.

    12:4 Отуздун ичинен эр жүрөк, отузду башкарган гибондук Жишмая, Жеремия, Жахазиел, Жоханан жана гедейралык Жозабат,

    12:5 үлузай, Жеримот, Беялия, Шемария, харуптук Шепатия,

    12:6 үлкана, Жишия, Азариел, Жоезер жана Жашабам, корактыктар,

    12:7 Гедорлук Жерохамдын уулдары Жоела менен Зебадия.

    12:8 Калкан, найза менен куралданган, эр жүрөк жоокер, гаттык аскерлер чөлгө, Дөөт жашынган бекемделген жерге өтүп келишти. Алар жүздөрүндө арстандын сүрү бар, тоодогу жейрендей тез чуркаган адамдар эле.

    12:9 Башчысы – эйзер, экинчиси – Обадия, үчүнчүсү – элийап,

    12:10 төртүнчүсү – Мишмана, бешинчиси – Жеремия,

    12:11 алтынчысы – Атай, жетинчиси – элиел,

    12:12 сегизинчиси – Жоханан, тогузунчусу – элзабат,

    12:13 онунчусу – Жеремия, он биринчиси – Махбанай.

    12:14 Гаттын бул уулдары аскер башчылар эле: кичүүсү – жүз башы, улуусу – миң башы.

    12:15 Биринчи айда, Иордан дарыясы ташкындап турган кезде, Иордандан өткөн ушулар болчу. Алар өрөөндүн чыгышы менен батышында жашагандардын бардыгын туш-тушка кууп жиберишкен.

    12:16 Дөөттүн сепилине Бенжемин менен Жүйүттүн уулдарынан да өтүп келишти.

    12:17 Дөөт аларды тосуп чыгып: «үгерде силер мага жардам бергени, тынчтык ой менен келсеңер, анда менин жүрөгүм силер менен бирге болсун. Менин колумда жамандык жок болгонуна карабастан, эки жүздүүлүк менен душмандарымдын колуна салып бергени келсеңер, анда ата-бабаларыбыздын Кудайы көрүп турат, Ал өзү жазалайт», – деди.

    12:18 Отуздун башчысы Амасайды рух каптап, ал: «Тынчтык сага, Дөөт, биз сени мененбиз, Жышайдын уулу. Тынчтык сага, жардамчыларыңа да тынчтык, анткени сага Кудайың жардам берип жатат», – деди. Ошондо Дөөт аларды кабыл алып, аскер башчы кылып койду.

    12:19 Дөөт пелиштиликтер менен бирге Шабулга каршы согушка бара жатканда, Менаше тукумунан да күү бирөөлөр Дөөт тарапка өтүп кетишкен, бирок Дөөт аларга жардам берген эмес, себеби пелиштиликтердин башчылары өз ара кеңешип: «Биздин башыбызга мүшкүл түшүрүп, ал өз мырзасы Шабул тарапка өтүп кетет», – деп, аны артка жөнөтүп жиберишкен.

    12:20 Дөөт Сыклакка кайтып келе жатканда, Менашенин миң башылары Аднак, Жозабат, Жедийаел, Михаел, Жозабат, элийу жана Силтай ал тарапка өтүштү.

    12:21 Алар Дөөткө сансыз аскерлер менен согушууда жардам беришти. Бул адамдардын баары эр жүрөк адамдар жана аскер башчылар болушкан.

    12:22 Ошентип, Дөөткө күн сайын жардамга келе беришкендиктен, анын аскери Кудайдын аскериндей көп болду.

    12:23 Теңирдин сөзү боюнча Шабулдун падышачылыгын Дөөткө өткөрүш үчүн, ага, Хебронго келген аскер башчылардын саны мынча болду:

    12:24 Жүйүт уулдарынан калкан жана найза көтөрүп, согушка даяр тургандардын саны алты миң сегиз жүз;

    12:25 Шымондун уулдарынан кошуундагы эр жүрөк адамдардын саны жети миң бир жүз;

    12:26 Леби уулдарынан төрт миң алты жүз;

    12:27 Арундун уруусунан Жойат төрө, аны менен үч миң жети жүз адам;

    12:28 үр жүрөк жигит Садок жана анын уруусу, жыйырма эки башчы;

    12:29 Шабулдун бир туугандарынан, Бенжеминдин уулдарынан, үч миң, бирок алардын көпчүлүгү дагы эле Шабулду жактап турушкан;

    12:30 үпрайым уулдарынан өз урууларында атагы чыккан, кайраттуу адамдардын саны жыйырма миң сегиз жүз;

    12:31 Менашенин жарым уруусунан Дөөттү такка отургузуу үчүн барып, атайын аттары аталган адамдардын саны он сегиз миң;

    12:32 Исахардын уулдарынан Ысрайыл элинин качан, эмне кылуу керек экенин билген акыл-үстүү адамдар келишти, алардын башкы адамдарынын саны эки жүз эле, алардын бардык бир туугандары алардын айткан сөзү менен жүргөн;

    12:33 Забулун уруусунан согушка даяр турган, ар түрдүү согуш куралдары менен куралданган, катарда бир кишидей турган элүү миң жоокер;

    12:34 Напталы уруусунан миң жол башчы; алар менен калкан жана найза көтөргөн отуз жети миң жоокер;

    12:35 Дан уруусунан согушка даяр турган жыйырма сегиз миң алты жүз жоокер;

    12:36 Ашыр уруусунан согушка даяр турган кырк миң жоокер;

    12:37 Иордандын аркы бетинен, Рубейин, Гат урууларынан жана Менашенин жарым уруусунан ар кандай согуш куралын көтөргөн жүз жыйырма миң жоокер.

    12:38 Бул жоокерлердин бардыгы катарга тизилип, Дөөттү бүткүл Ысрайылга падыша кылып көтөрмөкчү болуп, чын жүрөктөн Хебронго келишти. Бүт Ысрайыл эли да Дөөттү такка отургузганга макул эле.

    12:39 Алар ал жерде, Дөөттүн жанында үч күн болуп, ичип-жешти, анткени бир туугандары аларга бардыгын даярдап коюшкан эле.

    12:40 Ошондой эле алардын жакындары да, атүгүл, Забулун, Напталы, Исахар уруулары да жей турган азыктарды төөлөргө, эшектерге, качырларга, өгүздөргө жүктөп келишкен. Ун, анжыр, мейиз, шарап, зайтун майы, бодо мал, майда мал өтө мол келди, анткени Ысрайыл элинин кубанычы койнуна батпай турган эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск