Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Дөөттүн падыша болушу

    11:1 Бардык ысрайылдыктар Хебронго, Дөөттүн алдына чогулушту да, мындай дешти: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

    11:2 Мурун эле, Шабул падыша болуп турганда эле, сен Ысрайылды алып чыгып, алып кирип тургансың. Ошондо Кудай-Теңириң сага мындай деген: “Менин элим Ысрайылды сен кайтарасың, Менин элим Ысрайылга сен жол башчы болосуң”».

    11:3 Ошентип, Ысрайылдын бардык аксакалдары Хебронго, падышага келишти. Дөөт Теңирдин алдында, Хеброндо алар менен келишим түздү. Алар Теңирдин Шемуел аркылуу айткан сөзү боюнча Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

    Иерусалим – бириккен падышачылыктын борбору

    11:4 Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Иерусалимге, башкача айтканда, Жебуска бет алышты. Ал жерде ошол жердин жергиликтүү тургундары жебустуктар жашашчу.

    11:5 Жебустун тургундары Дөөткө: «Бул жакка сен кирбейсиң», – дешти. Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Ал Дөөттүн шаары болуп калды.

    11:6 Дөөт: «Ким баарынан мурда жебустуктарды кыйратып кирсе, ал жетекчи жана аскер башчы болот», – деди. Ошондо баарынан мурда Серуянын уулу Жойап кирип, аскер башчы болуп калды.

    11:7 Дөөт ошол сепилде жашагандыктан, аны Дөөттүн шаары деп атап калышты.

    11:8 Ал Милодон тартып шаарды тегерете бүт айланасын кайрадан курду, Жойап болсо шаардын калган бөлүгүн жаңыртып чыкты.

    11:9 Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди. Себайот Теңир аны менен болду.

    Дөөттү колдогон эр жүрөк адамдар

    11:10 Теңирдин сөзү боюнча Дөөттү Ысрайылга падыша коюш үчүн, бардык ысрайылдыктар менен бирге анын падышачылыгын колдогон эң күчтүү адамдарынын башчылары булар:

    11:11 Дөөттүн эр жүрөк адамдары булар: отуз жоокердин башчысы – Ахаман уулу Жашобам. Ал найзасын үч жүз кишиге көтөрүп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.

    11:12 Андан кийинкиси, үч эр жүрөктүн бири – акойактык Додонун уулу элазар.

    11:13 Ал Дөөт менен Паз-Дамимде болгон, ал жерге пелиштиликтер согушууга келишкен. Ал жерде талаанын бир бөлүгүнө арпа себилген болчу. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып жөнөштү.

    11:14 Бирок алар талаанын ортосуна туруп, аны сактап калышты, пелиштиликтерди кыйратышты. Ошондо Теңир аларга улуу куткарылуу тартуулады.

    11:15 Пелиштиликтердин кошууну Репа уулдарынын жерине жайланышкан кезде, отуз баатырдын бул үч кол башчысы аскага чыгып, Дөөткө, Адулам үңкүрүнө келишти.

    11:16 Ошол кезде Дөөт бекемделген жерде болчу, пелиштиликтердин күзөт аскерлери болсо ал кезде Бейт-Лехемде турган.

    11:17 Дөөт абдан суусап: «Ким дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу алып келип, менин суусунумду кандырат?» – деди.

    11:18 Ошондо бул үч эр жүрөк пелиштиликтердин кошуунун жарып өтүп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дөөткө алып келип беришти. Бирок Дөөт ичкиси келген жок, ал сууну Теңирдин даңкы үчүн төгүп салды да, мындай деди:

    11:19 «Теңир, мени ушул сууну ичкенден сакта! өлүмгө баш койгон бул эр жигиттердин канын ичмек белем! Анткени булар өз өмүрүн тобокелге салып, суу алып келишти», – деди. Ошентип, ал сууну ичпей койду. Бул үч эр жүрөк ушундай эрдик кылган.

    11:20 Єч баатырдын ичинен Жойаптын бир тууганы Абышай башчы болчу. Ал өз найзасы менен үч жүз адамды өлтүргөн. Тигил эчөөнүн арасында анын кадыры бар эле.

    11:21 Єчөөнүн ичинен ал эң атактуусу болгон, ал экөөнүн башчысы болгон, бирок тигил эчөөнө тең келчү эмес.

    11:22 Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жүрөк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ак карлуу кышта орго түшүп, арстанды өлтүргөн.

    11:23 Ал бою беш чыканак болгон мисирлик алп адамды өлтүргөн. Мисирлик алптын колундагы найзасы токуучу куралдын баканындай эле. Бирок ал ага союл менен чыгып, мисирликтин колунан найзасын жулуп алып, аны өз найзасы менен өлтүргөн.

    11:24 Жойат уулу Беная мына ушундай кылган. Тигил үч эр жүрөктүн арасында анын кадыры бар эле.

    11:25 Ал отуздун эң атактуусу эле, бирок эчөөнө тең келчү эмес. Дөөт аны өз буйруктарын аткарган жакын кишиси кылып койду.

    11:26 Ал эми жоокерлердин эң күчтүүлөрү булар: Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додо уулу элханан,

    11:27 арордук Шамот, пелондук Хейлез,

    11:28 текоялык Икеш уулу Ира, анатоттук Абиезер,

    11:29 хушалык Сипкай, акойактык Илай,

    11:30 нетопалык Марай, нетопалык Баана уулу Хейлет,

    11:31 Бенжеминдин Гибасынан Рибайдын уулу Итай, пиратондук Беная,

    11:32 нахалей-гаашалык Хурай, аравиялык Абиел,

    11:33 бакарумдук Азмабет, шаалбондук элийакпа.

    11:34 Гизондук Ашейимдин уулдары: арардык Шагей уулу Жонатан,

    11:35 арардык Сакар уулу Ахиям, Урдун уулу элипал,

    11:36 мехейралык Хейпер, пелондук Акия,

    11:37 кармелдик Хесро, эзбайдын уулу Наарай,

    11:38 Натандын бир тууганы Жоел, Агринин уулу Мибхар,

    11:39 амондук Селек, бейроттук Нахрай, Серуянын уулу Жойаптын курал көтөрүп жүрүүчүсү,

    11:40 житрилик Ира, житрилик Гареп,

    11:41 хеттик Урий, Аклайдын уулу Забат,

    11:42 рубейиндик Шиза уулу Адынай, ал – рубейиндиктердин башчысы, анын да отуз эр жүрөк кишиси болгон.

    11:43 Мааханын уулу Ханан, митнилик Жошапат,

    11:44 аштароттук Узия, аройердик Хотамдын уулдары Шама менен Жейел,

    11:45 Шимринин уулу Жедийаел жана анын бир тууганы тистик Жоха,

    11:46 махабимдик элиел, элнаамдын уулдары Жерибай менен Жашабия жана мааптык Житма,

    11:47 Метсобайдан чыккан элиел, Обейт жана Жаасиел.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск