Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Фессалоникийцам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам! Кудай cилерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    үлчинин тесалоникалыктар үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүсү

    1:2 Сыйынган сайын силерди эсибизге алып, бардыгыңар үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдиребиз.

    1:3 Кудай Атабыздын алдында ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Теңирибиз Ыйса Машайакка эмүттөнүү менен чыдамдуулук көрсөтүп жатканыңарды дайыма эскеребиз.

    1:4 Кудай сүйгөн бир туугандарым, силерди Ал тандап алганын билебиз.

    1:5 Себеби биз силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, күч менен, Ыйык Рух менен жана бекем ишеним менен жеткирдик. Силердин араңарда силер үчүн кандай болгонубузду өзүңөр билесиңер.

    1:6 Көп кыйынчылыктарга карабастан, сөздү Ыйык Рухтан келген кубаныч менен кабыл алып, силер бизден жана Теңирден элгү алуучулар болуп калдыңар.

    1:7 Ошентип, силер Македониядагы жана Ахаядагы бардык ишенгендер үчүн элгү болуп калдыңар.

    1:8 Анткени Теңир Сөзү силерден Македония менен Ахаяга гана тараган жок. Кудайга болгон ишенимиңер бардык жерге тарады, бизге бул тууралуу айтуунун кажети жок.

    1:9 Анткени алар биз жөнүндө, бизди кандай кабыл алганыңар жөнүндө, тирүү, чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн, буркандардан баш тартып, Ага кайрылганыңар жөнүндө,

    1:10 өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Уулу Ыйсаны асмандан күтүп жатканыңар жөнүндө айтып жатышат. Ал бизди келечектеги каардан куткарат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск