Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Фессалоникийцам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Пабылдын Тесалоникадагы кызматы

    2:1 Бир туугандар, биздин силерге барганыбыз пайдасыз болбогонун билесиңер.

    2:2 Бирок буга чейин биздин Филипиде азап чегип, кордук көргөнүбүздү өзүңөр билесиңер. Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык.

    2:3 Анткени биз силерге насаатты адашкандыктан же арам ой менен айтпайбыз, үч кимди алдабайбыз.

    2:4 Тескерисинче, Кудай ылайык деп таап, Жакшы Кабар таратуу ишин бизге ишенип тапшыргандыктан, биз адамдарга жагуу үчүн эмес, жүрөгүбүздү сынаган Теңирге жагуу үчүн сүйлөйбүз.

    2:5 өзүңөр билесиңер, биз силерге үч качан жагалданган жокпуз, куулук менен өз пайдабызды көздөгөн жокпуз. Буга Кудай күбө!

    2:6 Силерден да, башкалардан да адамдык атак-даңк издеген жокпуз.

    2:7 Машайактын элчилери катары силерге салабат менен келсек деле болмок, бирок биз баласын бөпөлөгөн энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылдык.

    2:8 Силерге болгон сүйүүбүздөн улам биз силерге Жакшы Кабарды таратып гана тим болбостон, өз жаныбызды берүүгө да даяр элек, анткени силер биз үчүн кымбат болуп калдыңар.

    2:9 Бир туугандар, биздин эмгегибиз, кыйналганыбыз силердин эсиңерде: үч кимиңерге оорчулук түшпөшү үчүн, күнү-түнү иштеп жүрүп, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын тараттык.

    2:10 Силердин – Ыйсага ишенгендердин алдында өзүбүздү ыйык, адил жана кемчиликсиз алып жүргөндүгүбүзгө өзүңөр күбөсүңөр, Кудай да күбө.

    2:11 Анткени өзүңөр билесиңер, силердин ар бириңерге атасы балдарына кылгандай мамиле кылдык:

    2:12 силерге кайрат берип, силерди сооротуп, силерди өз падышачылыгына жана даңкына чакырып алган Кудайга татыктуу жашашыңарды өтүндүк.

    2:13 Биз жарыялаган Кудай Сөзүн кабыл алганыңар үчүн, Кудайга дайыма ыраазычылык билдиребиз. Силер муну адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алдыңар, чынында эле бул – Кудай Сөзү. Ыйсага ишенген силерде аракеттенип жаткан да ошол сөз.

    2:14 Анткени силер, бир туугандар, Кудайдын Жүйүт аймагындагы, Машайак Ыйса жолундагы Жыйындарына окшоп кыйынчылык көрүп жатасыңар. Жүйүттөр тарабынан кыйынчылык көрүп жаткан алар сыяктуу силер да өз уруулаштарыңар тарабынан кыйынчылык көрүп жатасыңар.

    2:15 Алар Теңир Ыйсаны өлтүрүштү, Анын пайгамбарларын өлтүрүштү, бизди кууп жиберишти. Кудайга жакканды кылышпайт, адамдардын бардыгына каршылык көрсөтүшөт.

    2:16 Куткарылып калышсын деп, бутпарастарга Жакшы Кабар таратып жатсак, бизге тоскоол болуп жатышат. Ушул аркылуу алардын күнөөлөрү чегине жетет. Алар Теңирдин каарына калышты.

    Пабыл тесалоникалыктарды көрүүнү каалайт

    2:17 Бир туугандар, кыска убакытка силер менен жүз көрүшпөсөк да, жүрөгүбүздө силер менен биргебиз, ошондой болсо да силердин жүзүңөрдү көрсөк деген каалообуз чоң.

    2:18 Биз, мен, Пабыл, силерге баралы деп, бир-үки жолу чыгындык, бирок бизге шайтан кедерги болду.

    2:19 Ємүтүбүз, кубанычыбыз же мактанар таажыбыз ким? Теңирибиз Ыйса Машайак келгенде, Анын алдында ошол нерселерибиз силер эмессиңерби?

    2:20 Ооба, биздин мактанычыбыз да, кубанычыбыз да силерсиңер.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск