Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Фессалоникийцам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Тиметейдин Тесалоникага жиберилиши

    3:1 Ошондуктан биз чыдай албай, Афинде өзүбүз эле калып, бир тууганыбыз Тиметейди жибердик.

    3:2 Ал – Кудайдын кызматчысы, Машайактын Жакшы Кабарын таратуу ишинде биздин кызматташыбыз. Аны силерге ишенимиңерди бекемдеши үчүн, силерди сооротушу үчүн,

    3:3 ушул кыйынчылыктардан улам үч кимиңер олку-солку болбошуңар үчүн жибердик. Анткени бизге азап чегүү белгиленгендиги силерге маалым.

    3:4 Азап чегерибиз тууралуу силерге барганыбызда, алдын ала айткан элек, айтканыбыздай болгонун өзүңөр да билесиңер.

    3:5 Ошондуктан мен чыдай албай, ишенимиңер жөнүндө билип келсин деп, Тиметейди жибердим. Силерди азгыруучу азгырып, эмгегибиз текке кеткен жокпу, билейин дедим.

    Тиметейдин кубанычтуу кабар менен кайтып келиши

    3:6 Тиметей бизге силердин ишенимиңер, сүйүэңөр жөнүндө жакшы кабар менен келди. Силер бизди кубаныч менен эскерериңерди, биз сыяктуу эле силер да бизди көргүңөр келерин айтты.

    3:7 Азыр болсо биз, бир туугандар, азап чегип, муктаж болуп жатканыбызга карабастан, силер жөнүндө, силердин ишенимиңер жөнүндө угуп сооронуп калдык.

    3:8 Анткени силер Теңир жолунда бекем турсаңар эле, биз тирүүбүз.

    3:9 Кудайыбыздын алдында силер үчүн, силер үчүн кубанып жатканыбыз үчүн, Кудайга кандай ыраазычылык билдирсек болот?

    3:10 Жүзүңөрдү көрсөк экен деп, ишенимиңердин жетишпегенин толуктасак экен деп, күнү-түнү чын жүрөктөн сыйынып жатабыз.

    3:11 Кудай Атабыз өзү жана Теңирибиз Ыйса Машайак биздин жолубузду силерге багыттаса экен.

    3:12 Биздин силерге болгон сүйүүбүз кандай болсо, Теңир силердин бири-бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүэңөрдү ошондой арттыра берсин.

    3:13 Теңирибиз Ыйса Машайак өзүнүн бардык ыйыктары менен келгенде, Кудай Атабыздын алдында, ыйыктык жолунда жүрөгүңөр бекем, кемчиликсиз болсун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск