Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Колоссянам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Акыркы акыл-насаат

    4:1 Кожоюндар, асманда Теңириңер бар экенин билип, кулдарыңарга адилеттүү, туура мамиле кылгыла.

    4:2 Туруктуулук менен сыйынгыла, сергектик менен, ыраазычылык билдирүү менен сыйынгыла.

    4:3 Биз үчүн да сыйынып тургула: Кудай бизге өзүнүн сөзүн таратышыбыз үчүн, Машайактын жашыруун сырын жар салышыбыз үчүн, эшик ачсын. Мен ошол жашыруун сыр үчүн камакта отурам.

    4:4 Бул жашыруун сырды кандай жар салышым керек болсо, ошондой ачып беришим үчүн сыйынып тургула.

    4:5 Убакыттан пайдаланып, сырттагыларга акыл-үстүүлүк менен мамиле кылгыла.

    4:6 Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле.

    Коштошуу

    4:7 Сүйүктүү бир тууганыбыз, ишенимдүү кызматчы жана Теңир жолунда эмгектешим Тихик мен тууралуу силерге баарын айтып берет.

    4:8 Силердин абалыңарды билиши үчүн, силерди сооротушу үчүн, мен аны силерге

    4:9 араңардан келген ишенимдүү жана сүйүктүү бир тууганыбыз Онесим менен бирге жөнөттүм. Алар бул жерде болуп жаткан иштердин баарын силерге айтып беришет.

    4:10 Мени менен бирге камакта отурган Аристарх жана Барнабанын жүэни Марк (Марк жөнүндө силер «үгерде ал силерге келсе, кабыл алгыла» деген буйрук алгансыңар),

    4:11 ошондой эле Жуст деген да ысымы бар Ыйса силерге салам айтып жатышат. Алар – сүннөткө отургузулгандардан. Кудайдын Падышачылыгы үчүн кызмат кылган алар менин сооронучум болуп калышты.

    4:12 Ыйса Машайактын кулу, силердин араңардан келген эпафрас, силерге салам айтып жатат. Силер жеткилең болушуңар үчүн, Кудайдын эркин таанып билишиңер үчүн, ал дайыма сыйынат.

    4:13 Ал силер үчүн жана лаодикеядагылар менен жераполдогулар үчүн өзгөчө кам көрүп жатат деп күбөлөндүрөм.

    4:14 Сүйүктүү дарыгер Лука менен Демас силерге салам айтып жатышат.

    4:15 Лаодикеядагы бир туугандарга жана Нимпанга, анын үйүндө чогулган Жыйынга салам айтып койгула.

    4:16 Бул катты окуп чыкканыңардан кийин, Лаодикеядагы Жыйын да окугудай кылгыла. Лаодикеядан келген катты силер да окугула.

    4:17 Архипке айтып койгула: Теңирден алган тапшырмасын аягына чыгарсын.

    4:18 Мен, Пабыл, бул саламды өз колум менен жазып жатам. Менин туткунда жүргөнүмдү унутпагыла. Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск