Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Колоссянам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    үски жана жаңы адам

    3:1 үгерде силер Машайак менен кошо тирилсеңер, анда асмандагыга умтулгула, анткени Машайак Кудайдын оң жагында, асманда отурат.

    3:2 Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула.

    3:3 Анткени силер өлдүңөр, силердин өмүрүңөр Машайак менен бирге Кудайда жашырылган.

    3:4 Силердин өмүрүңөр болгон Машайак келгенде, силер Аны менен бирге даңк менен көрүнөсүңөр.

    3:5 Ошондуктан дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла.

    3:6 Ушундай иштерди кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.

    3:7 Силер да бир кезде ошол кумарларыңар боюнча жашачусуңар.

    3:8 Азыр болсо силер мунун баарын: ачууну, каарды, жамандыкты, заар тилди, адепсиз сөздөрдү таштагыла.

    3:9 Бири-бириңерге жалган айтпагыла, анткени эски табиятыңарды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы табиятты кийгенсиңер.

    3:10 Кудайды таанып билүү аркылуу Жаратуучунун бейнесине окшошуу үчүн жаңыланып турган жаңы табиятты кийгенсиңер.

    3:11 Жаңы табиятта эллин да, жүйүт да, сүннөттүү да, сүннөтсүз да, варвар да, скиф да, кул да, эркин адам да жок, бардыгы жана бардыгында – Машайак.

    3:12 Ошондуктан Кудайдын тандалгандары, ыйыктары жана сүйүктүүлөрү катары боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле.

    3:13 Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле.

    3:14 Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал – жеткилеңдиктин куру.

    3:15 Жүрөгүңөрдө Машайактын тынчтыгы бийлик кылсын, силер бир Дененин мүчөлөрү катары ушул тынчтыкка чакырылгансыңар. Ыраазычылык билдирүүчүлөрдөн болгула.

    3:16 Машайактын сөзү молдугу менен ичиңерде жашасын. Бири-бириңерди акылмандуулук менен эйрөткүлө, бири-бириңерге забурлар, даңктоо ырлары жана рухий ырлар менен насаат айткыла, Кудайга чын жүрөгүңөрдөн ыраазычылык билдирүү менен ырдагыла.

    3:17 Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына, Ал аркылуу Кудай Атага ыраазычылык билдирүү менен кылгыла.

    Ыйсага ишенгендердин өз ара мамилеси

    3:18 Аялдар, Теңирге тиешелүү болгондорго ылайык келгендей, күйөөңөргө баш ийгиле.

    3:19 Күйөөлөр, аялыңарды сүйгүлө, аларга катаал болбогула.

    3:20 Балдар, бардык нерседе ата-энеңерге баш ийгиле, анткени бул Теңирге жагат.

    3:21 Аталар, балдарыңарды кыжырлантпагыла, алардын көңүлү чөкпөгүдөй болсун.

    3:22 Кулдар, кожоюнуңарга бардык нерседе баш ийгиле, адамга жагынуучулар сыяктуу алардын көзүнө көрүнүш үчүн эмес, чын жүрөктөн, Кудайдан коркуу менен баш ийгиле.

    3:23 үмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла.

    3:24 Анткени сыйлыкка Теңирден мурас аларыңарды билесиңер, силер Теңир Машайакка кызмат кылып жатасыңар.

    3:25 Ким адилетсиздик кылып жатса, адилетсиздигине жараша тиешесин алат, себеби Теңирде бет карамалык жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск